Жогорку Кеңештин СДПК фракциясынын лидери Иса Омуркуловдун Курман Айт менен куттуктоосу

06-11-2018 11:29

Кымбаттуу мекендештер!

Сиздерди мусулмандардын ыйык майрамы - Курман Айт менен өзүмдүн жана СДПК фракциясынын депутаттарынын атынан чын жүрөктөн куттуктайм!
Курман Айт – бул кылымдардан бери элди биримдикке, ынтымак-ырашкерликке, кечиримдүүлүккө жана боорукердикке чакырган ыйык майрам, улуу күн. Курман айт баарыбызды ыймандуулукка, сабырдуулукка, тазалыкка жана кең пейилдүүлүккө чакырат. Бул күн ата-бабаларга, көзү өтүп кеткен жакындарыбызга куран түшүрүп, аларды эскерип, дуба кылчу, бата тилечү күн. Курман Айт күнү баарыбыз ак тилектерди кылып, аруу ниеттерибизди билдирүү менен Жараткандан токчулук, ырашкерлик, тынчык жана байгерчиликти суранабыз.
Кымбаттуу мекендештер!
Жараткан дайыма ар бириңиздердин үйүңүздөргө береке, ырыскы, куттун нурун төксүн! Жергебизде аманчылык, молчулук орун алып, ар бир үй-бүлөгө бакыт-таалай, ынтымак консун!
Айтыңыздар маарек болсун, кымбаттуу кыргызстандыктар!

СДПК парламенттик фракциясынын 
лидери Иса Омуркулов