КСДПнын депутаттары колу сынуудан көз жумган кыздын өлүмүн калыс иликтөөнү талап кылышты

06-11-2018 12:01

КСДПчы депутаттар Гүлкан Молдобекова, Аида Касымалиева, Альфия Самигуллина жана Евгения Строкова Саламаттыкты сактоо министри Космосбек Чолпонбаевди дарыгерлердин шалаакылыгынан көз жумган 8 жаштагы кыздын өлүмүн акыйкат иликтөөгө алууга чакырышты.

Социалдык маселелер боюнча комитеттин  жыйынынын жүрүшүндө, комитеттин төрайымы Гүлкан Молдобекова аталган кыз 3-сентябрда селкинчектен кулап колун сындырып алганы, аны дарыгерлерге 2 суткадан кийин алып келишкенин билдирди.

“Аны Чолпон-Атадагы ооруканага алып келишкен. Рентгенге тарттырып, колун гипстеп, 5 күндөн кийин алып келгиле деп үйүнө жөнөтүп жиберишкен. Бирок 5 күндөн кийин кыздын колу шишип, көгөрө баштаган. Мен атайын барып жолуктум, эгерде кулаганда колу сынган болсо, андай учурда инфекция болорун айтып түшүндүрүштү. Эгерде колун инфекция менен гипстеп койсо, кол шишип, некроз, гангрена пайда болуп, ал сепсиске алып келет экен. Кечээ кыздын колун кесип салышты, саат 12де анын абалы жакшы экенин айтышкан, бирок эртен менен кыз көз жумду. Мен бул дарыгерлердин түздөн түз шалаакылыгынан болду деп эсептейм. Аны дароо эле ооруканага жаткырып, эртеси күндөн абалын текшерүүгө алуу керек болчу”, - деди Гүлкан Молдобекова.

Өз кезегинде депутат Аида Касымалиева кыздын үй-бүлөсүнө көңүл айтып, кыздын өлүмүнүн себебин алган комиссиянын иши депутаттардын дыкат көзөмөлүнө алынуусу керектигин кошумчалады. Мындан сырткары, эл өкүлү комиссиянын ишинин так мөөнөтүн белгилөө керектигин белгиледи.

СДПК парламенттик фракциясынын катчылыгы