"Жарандык абалдын актылары жөнүндөгү" мыйзамдын долбоору добуш берүүгө жөнөтүлдү

03-06-2020 13:01

Бүгүн, 3-июндагы Жогорку Кеңештин жыйынында "Жарандык абалдын актылары жөнүндөгү" мыйзамдын долбоору экинчи окууда каралды.  

Демилгечи депутаттар И.Пирматов, Д.Исаева.

“Жарандык абалдын актылары жөнүндөгү” мыйзамдын долбоору жарандык абалдын актыларын каттоону оптималдаштыруу максатында иштелип чыккан. Тагыраагы, ата-энесинин ким экендигин тастыктаган документи болбогон жана алар өз убагында документтештирилбеген учурларда жарандык абалдын актыларын каттоо органдары тарабынан баланын туулгандыгынын фактысын каттоо аркылуу баланын туулгандыгын каттоону жөнөкөйлөтүү сунушталууда. Мындан сырткары, атын өзгөртүүнү каттоо жылына бирден гана болуусу керектиги белгиленүүдө.

Ошондой эле демилгеленип жаткан мыйзам долбооруна ылайык, ата-эненин каалоосу боюнча баланын фамилиясы баланын атасынын же чоң атасынын аты боюнча «-ов», «-ев», «-ова», «-ева» деген мүчөнү кошуу менен же кыргыздын улуттук салттары боюнча: эркек жыныстагы балдар үчүн «уулу» жана аял жынысындагы балдар үчүн «кызы» деп кошуу менен же аларды кошпостон жазуу жүргүзүлөт. Мындай учурларда баланын атасынын аты берилбейт. Андан тышкары, Жаран ЖААК органына кайрылган жер боюнча жарандык абалдын актыларын каттоо жүргүзүлөт.

Талкуу соңунда мыйзам долбоору экинчи окууда добуш берүүгө жөнөтүлдү.

Жогорку Кеңештин Басма сөз кызматы