Төрөбай Зулпукаров: Инвестордун көзү менен караганда, Кыргызстанда бюрократия дале күчүндө

12-11-2018 13:49

Мындай пикирин эл өкүлү Жогорку Кеңештин 19-сентябрдагы жыйынында айтты. Анын айтымында, ишкерлик субьекттери үчүн жерлерди трансформациялоо, уруксат алуу маселелери кыйынчылыктарды жаратып келүүдө.

Депутат аткаруу системасындагы  бюрократиялык, коррупциялык көрүнүштөрдү, тоскоолдуктарды жоюп, ишкерлер, инвесторлор үчүн ыңгайлуу, жагымдуу шарттарды түзүп берүүдө  өкмөттүн Аппарат жетекчисинин ролу чоң экенин белгиледи.

«Бүгүнкү күндө өкмөттүн иши кечеңдеп, токтоп турат, бизнес-климатты жакшыртуу үчүн эң ириде бюрократиялык тоскоолдуктарды жоюп, бизнести жүргүзүү тартиптерин жөнөкөйлөтүү, жеңилдетүү зарыл», - дейт эл өкүлү.

СДПК парламенттик фракциясынын катчылыгы