Марат Аманкулов: өкмөт үлүш ээлеринин абалы менен иш албай койду

12-11-2018 13:58

Бул тууралуу КСДПчы депутат Марат  Аманкулов 20-сентябрдагы ЖК жыйынында айтты.

Эл өкүлүнүн айтымында, көп кабаттуу үйлөргө өз акчаларын салып, курулушту жүргүзүп жаткан жүздөгөн, миңдеген жарандардын абалы оор бойдон калууда.

«Курулушту жүргүзгөндөр акчаларын алышып, бирок же батирди беришпейт, же акчаларын кайтарышпайт. Натыйжада көптөгөн жарандар көчөдө калышууда. Себеби, алардын көпчүлүгү кредит алышкан, жашап жаткан үйлөрүн сатышкан. Таң калыштуусу, өкмөт бул маселеден четке чыга берди, жарандардын көйгөйлөрүн чечүүгө кызыкдар болбой атат. Мамлекет бул маселеде жөнгө салуу боюнча иш алып барышы керек болчу. Жыйынтыгында үлүш ээлери курулушчулар менен өздөрү гана калышып, өздөрүнүн укуктарын чечүүнү билбей келишүүдө. Укук коргоо органдарына да өздөрү кайрылышууга аргасыз болушууда. Жарандардын укуктары тебеленип жатса, аны коргоо биринчи кезекте мамлекеттин милдети болушу зарыл. Ошондуктан  өкмөт бул маселени  колго алып, оң жагына чечип берсин», - деди М. Аманкулов.

СДПК парламенттик фракциясынын катчылыгы