Бишкек, Ош шаарларындагы таза суу, канализация көйгөйлөрүн чечүү үчүн комплекстүү чаралар кабыл алынышы керек


Бүгүн, 16-июнда Жогорку Кеңештин жыйынындагы “Ар түрдүү маселелер” саатында депутат Осмонбек Артыкбаев жогорудагыдай маселени Өкмөткө сунуштады.

Депутаттын айтымында, бүгүнкү күндө өлкөдө, айрыкча Бишкек, Ош шаарларында таза суу, сугат суу, канализация маселелери чоң көйгөйгө айланды. Ал тургай жер алдынан насос аркылуу чыгарылып жаткан артезиан суулары азая баштады. Мурдагы тереңдиктен дагы тереңден чыгарууга туура келүүдө. Бул чоң коркунуч деген О.Артыкбаев сууну кайра тазалоо системасынын жоктугунан таза суу натыйжасыз, коромжу болуп пайдаланылып жаткандыгын баса белгиледи. “Андыктан, Бишкек, Ош шаарларындагы таза суу, сугат суу, канализация көйгөйлөрүн чечүү үчүн комплекстүү чаралар кабыл алынышы керек”,- дейт депутат.

Жогорку Кеңештин Басма сөз кызматы