2016-жылдын 17 ноябры № 1095-VI “Шайлоо процессинин маселелери боюнча Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларына өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын бириктирилген долбоорун экинчи окууда кабыл алуу тууралуу

24-11-2016 14:47

2016-жылдын 17 ноябры № 1095-VI

“Шайлоо процессинин маселелери боюнча Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларына өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын бириктирилген долбоорун экинчи окууда кабыл алуу тууралуу

 

 

Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши т о к т о м  к ы л а т:

 

1. Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттары Ө.Т. Бабанов, Р.А. Казакбаев, М.К. Жеенчороев, А.С. Өмүрбекова, М.Э. Сабиров, А. Алтынбеков, Т.Г. Тиллаев, Б.К. Райымкулов, Н.Н. Нишанов, Б.Ү. Сыдыков, А.Ж. Жамангулов, Д.Д. Бекешев, А.Т. Алтыбаева, У.Т. Кыдыралиев, Д.А. Жумабеков, Т.Б. Исакунова, М.И. Бакиров, А. Жунус уулу, А.Ж. Акматов жана А.Н. Шыкмаматов демилгелеген “Шайлоо процессинин маселелери боюнча Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларына өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын бириктирилген долбоору экинчи окууда кабыл алынсын.

 

2. Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Конституциялык мыйзамдар, мамлекеттик түзүлүш, сот-укук маселелери жана Жогорку Кеңештин Регламенти боюнча комитети келип түшкөн жазуу жүзүндөгү сунуштарды жана түзөтүүлөрдү эске алуу менен жогоруда көрсөтүлгөн мыйзам долбоорун үчүнчү окууда кароо үчүн Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешине киргизсин.

 

 

Төрага                                                                                 Ч.А. Турсунбеков