КСДПнын депутаттары Шри-Ланкадагы парламентарийлердин Эл аралык форумуна катышууда

12-11-2018 14:13

Жогорку Кеңештин КСДП фракциясынын депутаттары Аида Касымалиева, Альфия Самигуллина, ошондой эле башка фракциялардын депутаттары Шри-Ланканын Коломбо шаарында өтүп жаткан  парламентарийлердин мониторинг жана баалоо (GPFE)   боюнча Эл аралык  форумга катышышууда.

Форумда мамлекеттик программалардын аткарылуусуна мониторинг жүргүзүүдөгү парламенттин ролу, стратегия ж.б.у.с. маселелерди талкуулап жатышат.

2017-жылы ушундай эле форум Бишкекте өткөрүлгөн. 2018-жылы ЖКнын  социалдык маселелер боюнча комитеттин жыйынында депутаттар 2030-жылга чейинки саламаттыкты сактоо боюнча программаны кабыл алышкан. Анда так критерийлер, мониторинг жана баалоолорду пайдалануу каралган.

СДПК парламенттик фракциясынын катчылыгы