Жылдыз Мусабекова: өкмөт элдин көйгөйлөрүнөн өзүн оолак кармабашы керек

12-11-2018 14:20

Жогорку Кеңештин КСДП фракциясы 21-сентябрда  2018-2019-жылдарга күзгү-кышкы мезгилге даярдык көрүүнүн жүрүшү боюнча маселени карады.

Жыйында эл өкүлү Жылдыз Мусабекова калктын аз камсыз болгон үй-бүлөлөрүн отун жана электр энергиясы жагынан колдоо  үчүн канча каржы сарпталарына кызыкты.

“Улуттук  энергетикалык холдинг компаниясы” ААК башкармалыгынын төрагасы Азамат Абдыкадыров  калктын бул категориясындагылар үчүн электр энергиядан 50 % жеңилдик караларын, компенсациялык төлөмдөрдүн чыгымы 118 млн. сомду түзө турганын маалымдады.

Ал ошондой эле аз камсыз болгон үй-бүлөлөр үчүн жергиликтүү бюджеттен көмүр сатып алууга акча караларын билдирди.

Мындан сырткары, депутат тариф саясатына өзгөртүү киргизүү зарылчылыгын айтты, тагыраагы, 70 тыйындан 2 миң кВт саатка чейинки  лимитти  2 миң кВт саатка жеткирүүнү сунуш кылды.

“Эгерде Чүй, Талас, Ысык-Көл облустарынын жашоочулары кышкы жылытуу мезгилинде орточо алганда 2 тонна көмүр жагышса, Нарын облусунун климаты оор болгондуктан 5 тоннадан көмүр жагууга туура келет. Атүгүл азыр эртең менен кечинде суук болуп калды, жаш балдар үшүп калбашы үчүн азыртан от жагып, жылуу температураны камсыз кылышат”, - деди Жылдыз Мусабекова.

Соңунда Ж. Мусабекова социалдык маселелер боюнча вице-премьер-министр Алтынай Өмүрбековага кайрылып, Ат-Башы районундагы оорукананын  абалына көңүл бурууга чакырды. Эл өкүлүнүн айтымында, аталган оорукана учурда капиталдык ремонтко муктаж болуп турат.

“Тилекке каршы, учурда чиновниктер эл менен жолугушпай калды, атүгүл өкмөт да элге барбай калды. Жолугушуулар жергиликтүү активдер менен гана болот. Жер-жерлердеги көйгөйлөр менен эч ким таанышпайт. Өкмөттүн өкүлдөрү Ат-Башыга барып, оорукананын акыбалын көрүп келсин”, - деди депутат.

Вице-премьер-министр 29-30-сентябрда Нарын облусуна болгон иш сапардын алкагында аталган ооруканага да барарына ишендирди.

СДПК парламенттик фракциясынын катчылыгы