Карамат Орозова жергиликтүү көмүр өндүрүүчүлөр менен кызматташууну өнүктүрүүгө чакырды

12-11-2018 14:24

Бүгүн, 21-сентябрда Жогорку Кеңештин КСДП фракциясынын жыйыны өтүп, анда эл өкүлдөрү 2018-2019-жылдардагы  күзгү-кышкы мезгилге даярдык көрүүнүн жүрүшү боюнча маалымат угушту.

Жыйында депутат Карамат  Орозова жылуулук борборлорунда жагылчу жергиликтүү өндүрүштөгү көмүрдүн көлөмүн көбөйтүү зарылдыгын айтты.

Мисал катары эл өкүлү Сүлүктүдө өндүрүлчү көмүрдү айтты, анын белгилөөсүндө, Сүлүктүнүн көмүрү сапаттуулугу менен айырмаланат, аны Тажикстан менен Афганистандын сатып алуучулары жогору баалашууда.

Мындан сырткары, депутат Баткен жылуулук тармагын республикалык бюджетке өткөрүүнү тездетүүгө чакырды. Анын айтымында, жылына жылуулук системасын кармоого 20 млн. сом жумшалат, бул жергиликтүү бюджет үчүн оорго турууда.

СДПК парламенттик фракциясынын катчылыгы