Эльвира Сурабалдиева: өкмөт Кара-Кечедеги криминалитеттин үстөмдүгүн токтотушу керек

12-11-2018 14:28

Бул тууралуу депутат КСДП фракциясынын 21-сентябрдагы жыйынында айтты. Эл өкүлү Өкмөттү Кара-Кече көмүр кениндеги абалды тартипке келтирип, көмүрдүн туруктуу өндүрүлүүсүн камсыз кылууга чакырды. Болбосо, ал жердеги эки кылмыштуу топтун тиреши көмүр өндүрүүнү үзгүлтүккө учуратууда.

2018-2019-жылдарга күзгү-кышкы мезгилге даярдык көрүү маселесин караган фракция жыйынында Кара-Кечедеги абалга байланыштуу Өкмөттүн алып барып жаткан ишин сынга алды. Анын айтымында, өкмөттүн аракети эч кандай натыйжа бербей, адам укуктарынын бузулуусун шарттоодо.

“Силер телевидение аркылуу көмүрдү азыртан камдоого чакырып жатасыңар. Элдин  шаштысын кетирүүнүн кереги жок. Бул туура эмес мамиле. Жылуулук мезгили 3-4 айга созулат. Тартипти камсыз кылгыла,  милициянын постторун орноткула! Силерде бүтүндөй мамлекеттик аппарат бар, 17 миң милиционер бар, бирок 25 жылдан бери чакан кендеги абалды тартипке сала албай койдуңар”, - деди Эльвира Сурабалдиева. Депутат ошондой эле криминалитеттин үстөмдүгүнүн айынан  жөнөкөй керектөөчүлөр жабыр тартып келатышканын кошумчалады.

СДПК парламенттик фракциясынын катчылыгы