Иса Омуркулов: Чиновниктер дагы эле күзгү-кышкы даярдыкка “көрө жатарбыз...” дегендей мамиле кылышууда

12-11-2018 14:33

Мындай пикирин башкы КСДПчы фракциянын 21-сентябрдагы жыйынында айтты. Анда 2018-2019-жылдарга күзгү-кышкы мезгилине даярдык көрүү маселеси  каралды.

Фракциянын жыйынын аяктап жатып, Иса Омуркулов өкмөттүн жылуулук мезгилине даярдык көрүү боюнча отчетун сынга алды. Ал өз сөзүндө буга жооптуу чиновниктер, жетекчилер өздөрүнүн компетентсиздигин көрсөтүп жатканын белгиледи.

“Отчет боюнча силерде даярдык жок экен, атүгүл өзүңөрдүн кызматтык милдетиңер боюнча да так түшүнүк жок тура. Кадрлардын жөндөмсүздүгүнөн энергетика тармагы артка кетүүдө. Мына, силер Бишкектеги жылуулук борборунун жабдууларынын 77 %ы иштен чыкканын айтып атасыңар. Бул эмнеден кабар берет? Бул Совет мезгилинде орнотулган жабдуулар физикалык жана моралдык жактан өз мөөнөтүн иштеп бүткөнүн билдирет. Жылына 1 чакырымдан ашпаган жылуулук түйүндөрү алмаштырылат. Анан кайра эле тариф саясаты жаралат. Бул маселени кардиналдуу түрдө чечүү керек. Эгерде эртең 3 чакырым түтүкчө чирип калса, ЖЭБдеги авария сыяктуу катастрофа болот. Эч кандай даярдык жок, Кудайдан “жакшы болсо экен”  деп тилек кылгандан башка аргабыз жок”, - деди Иса Омуркулов.

Ошондой эле фракция лидери энергетикалык коопсуздукту камсыз кылуу үчүн жаңы кубаттуулукту арттыруу  керектигин билдирди.

“Кубаттуулукту көбөйтүү үчүн бир да мегаватт кошулбаптыр. Экономика каякка өнүгөт? Бизде өнүгүүнүн Улуттук стратегиясы бар, бюджет кийинки жылга пландалган, анын киреше бөлүгүнүн прогнозу бар, а силер кирешени каяктан аласыңар? Кайра эле “Мегаком” менен “Кумтөрду” карайсыңарбы? Сапатсыз, даярдыгы жок кадрлар ушуга алып келди. Өзүңөрдүн отчетуңар менен компетенттүү  экениңерди көрсөтө алган жоксуңар”, - деди Иса Омуркулов.

Мындан сырткары, башкы КСДПчы өкмөт чакан ГЭСтер боюнча өзүнүн позициясын билдирүүсү керектигин, анткени, ички инвесторлор тарабынан курулган чакан ГЭСтерден өндүрүлгөн электр энергиясын мамлекет сатып албай жатканын айтты.

Соңунда фракция лидери энергетика системасын башкаруудагы эффективдүүлүктү арттырып, “Улуттукэнергохолдинг” ишканасынын түзүмү менен макамын карап чыгууга чакырды.

СДПК парламенттик фракциясынын катчылыгы