Жогорку Кеңештин КСДП парламенттик фракциясынын лидери Иса Омуркуловдун Мамлекеттик тил күнү менен куттуктоосу

12-11-2018 14:37

Кымбаттуу мекендештер!

Мындан туура 29 жыл мурда, 1989-жылдын 23-сентябрында “Кыргыз Республикасынын мамлекеттик тил жөнүндө” мыйзамы кабыл алынган. Ошондон бери ар жылы Мамлекеттик тил күнүн жалпы улуттук майрам катары белгилеп келе жатабыз. Кыргыз элин, мекендештерими КСДП фракциясынын жана өзүмдүн атыман Мамлекеттик тил Күнү менен чын жүрөктөн куттуктайм!

Мамлекеттик  тил суверенитеттүүлүктүн жана мамлекеттүүлүктүн башкы символдорунан болуп эсептелет. Мамлекеттик тилибиз аркылуу биз, кыргыз эли элибиздин тарыхый, маданий көөнөрбөс мурастарын, асыл дөөлөттөрүн сактап, өнүктүрүп, урпактарга өткөрүп берип келатабыз.

Тилдин тарыхы элдин тарыхын гана  эмес,  маданий өнүгүүсүнүн да негизги этаптарын чагылдырат. Элдин маданиятынын деңгээли тилинин өнүгүүсүнө жараша балаанат. Ошондуктан биз мамлекеттик тилди сактап, өнүктүрүшүбүз кажет.

Мына ушул  максатта, мамлекеттик тилдин колдонулуш чөйрөсүн кеңейтүү, кыргыз тилин этникалар аралык байланыштардын тилине айландыруу максатында “2014-2020-жылдарга Кыргыз Республикасында мамлекеттик тилди өнүктүрүү жана тил саясатын жакшыртуу боюнча Улуттук программа”  кабыл алынган.

Бүгүнкү күндө мамлекет жана коомчулук аталган стратегиялык документти турмушка ашыруу үчүн көптөгөн аракеттерди жасашууда. Бул документтин ийгиликтүү аткарылуусунун  мамлекеттүүлүгүбүз жана эгемендүүлүгүбүз үчүн мааниси өтө чоң.

Өз кезегинде Кыргызстан Социал-демократтар партиясы мамлекеттик тилди сактап, өнүктүрүүгө багытталган билим берүү долбоорлорун колдоп келатат.

Мамлекеттик тилди билүү – өз улутуңа жана өткөнүңө болгон урматтоонун белгиси. Бүгүнкү жана келечек муундун өкүлдөрү мамлекеттик тилди билип, аны сактап, улуттук ыйык  дөөлөт, асыл мурас катары көздүн карегиндей сактоого милдеттүү. Биз мамлекеттик тилибиз менен гана улутпуз, мамлекеттик тилибиз менен келечегибиз бар!

Мамлекеттик тил Күнү майрамыңыздар менен дагы бир жолу куттуктайм! Өлкөбүздө тынчтык, аманчылык, ар бир үйдө ынтымак, байгерчилик болсун!

 

Иса Омуркулов

КСДП парламенттик

Фракциясынын лидери