Айнуру Алтыбаева: 2017-жылы «Кумтөр» 600 млн. доллар дивиденд албай калды

12-11-2018 14:51

КСДПчы депутат Айнуру Алтыбаева  «Центерра Голд Инк.» компаниясынын директорлор Кеңешиндеги Кыргызстандын өкүлдөрүнүн компетенттүүлүктөрүн карап чыгуу зарылдыгын айтты.

Жогорку Кеңештин Конституциялык мыйзамдуулук, мамлекеттик түзүлүш, соттук-укуктук маселелер жана ЖК Регламенти комитетинин 25-сентябрдагы жыйынында «КР республикалык бюджетинин 2017-жылга карата аткарылуусу боюнча отчетун  бекитүү жөнүндө» мыйзам долбоорун карашты.

Жыйындын жүрүшүндө эл өкүлү Айнуру Алтыбаева өкмөткө кайрылып, мамлкекеттик аппараттын эффективдүүлүгүнүн анализге  алууну тездетүү жана ага кеткен чыгымдарды үнөмдөө маселесин көтөрдү. Бюджеттен коротулуп жаткан чыгашалар ИДПга салыштыра келгенде дүйнөнүн көптөгөн өлкөлөрүнөн жогору экенин айтты.

Мындан сырткары, депутат КР Эсептөө палатасынын отчетуна көңүл бурууга чакырды, анда айтылгандай, 2017-жылы Кыргызстан «Кумтөр» ишканасынан 600 млн. долларга аз дивиденд  алган.

«Центерра Голд  Инк.» компаниясынын директорлор кеңешинде Кыргызстандын 3 өкүлү бар. Алар эмне иш кылып атышат? Биздин үлүш 3 %га түшүп кетиптир, Макулдашууда каралган дивиденддер түшпөй жатат. Ошол эле мезгилде алар жогорку маяна алып келишүүдө. Эмнеге алар Кыргызстандын кызыкчылыктарын коргошпойт? Эмне үчүн дивиденддерди бөлдүртө албай жатышат? Ал өкүлдөр сынаксыз эле дайындалышкан. Алардын талапкерликтери кандай критерийлер менен тандалышкан? Өкмөт алардын Кыргызстандын укуктарын коргоого компетенттүүлүгү, кесиптик сапаттары жетишеби, жокпу, ошону карашы керек», - деди  А. Алтыбаева.

СДПК парламенттик фракциясынын катчылыгы