Дастан Бекешев: Медакадемиядагы көзү азиз жана жакшы көрбөгөн студенттер окуган массаж факультетин жаап салганга болбойт

12-11-2018 14:59

ЖКнын КСДП фракциясынын депутаты Дастан Бекешев 27-сентябрдагы жыйында өкмөттүн ЖКдагы өкүлүнө кайрылып, И. Ахунбаев атындагы Кыргыз мамлекеттик медициналык академиясынын массаж факультетин жаппоо керектигин айтты. Ал факультетте  көзү азиздер арасында жогорку квалификациялуу адистер даярдалып келет.

«24-сентябрда вице-премьер-министр Алтынай Өмүрбекова өкмөттүн жыйынын өткөрүп, анын жыйынтыгында аталган факультетти жаап, анда окугандарды колледжге которуу чечими кабыл алынды. Бирок ал чечим бир нерсени эске албаптыр, колледжди бүтүргөндөр мамлекеттик бейтапканаларга жумушка орношо албай калуулары ыктымал, себеби, ал жактарга жогорку квалификациялуу адистерди  кабыл алышат. Мен ал протоколдук чечимди артка  кайтарып алууну сунуш кылам, анткени, ал туура эмес жана көзү азиздерге зыянын гана  тийгизет. Алар кантип жумуш издешет? Үнөмдөсө болот, бирок мындай жол менен эмес да», - деди эл өкүлү.

СДПК парламенттик фракциясынын катчылыгы