Төрөбай Зулпукаров: Мектептерде окуучулардын көптүгү мектептик билим берүүнүн пайдубалын бузуп жатат

12-11-2018 15:04

Бул тууралуу КСДПчы депутат Төрөбай Зулпукаров Жогорку Кеңештин 27-сентябрдагы жыйынында  айтты. Ал өлкөдөгү жалпы билим берүүчү мектептерге анализ жүргүзүп, окуучулар ашыкча болгон мектептерди аныктап, алар үчүн кошумча  имараттарды куруу зарылдыгын белгиледи.

«Ички миграция  Чүй облусунда жана Бишкек шаарларында элдин көп болуусун шарттады. Борбордогу мектептерде жана Чүй облусунун райондорунда окуучулардын көптүгүнөн билим берүү 3 нөөмөт менен жүргүзүлүүдө. Кээ бир мектептер 600 окуучуга эсептелинсе, аларда 3 миңден ашык балдар окушат. Класстагы окуучулардын көптүгү алардын окуу материалдарын кабыл алуусун төмөндөтүп, дисциплинаны, жалпы билим берүүнүн деңгээлин ылдыйлатат. Биз балдардын билим алуусун үчүн  максималдуу түрдө ыңгайлуу шарттарды түзүүбүз керек. Ошондуктан окуучулар эң жыш болгон мектептерди аныктап, аларга кошумча имараттарды куруу зарыл», - деди Т. Зулпукаров.

Эл өкүлү ошондой эле Ноокат районунун Жаңы-Ноокат айыл өкмөтүндөгү Көгарт жайлоосунда жайланышкан башталгыч мектептин абалы тууралуу да айтты.

«Мектеп ачылганда, тагыраагы 2017-2018-жылдары 30 окуучу билим алса, азыр алардын саны 11 адамга кыскарды. Бул окуу жылында 4 окуучу калды, алардын үчөөсү башка мектептерге которулуп кетти. Ошону менен бул мектепте 1 мугалим менен 1 окуучу калды. Бул мектепти кармап туруунун, ага каражат коротуунун  зарылчылыгы барбы, жокпу деген маселени кароо керек», - деди Т. Зулпукаров. Муну айткан депутат мектепти жаап, жалгыз окуучуну Ноокат районунун борборундагы Мырзакаров атындагы интернатка которууну сунуштады.

СДПК парламенттик фракциясынын катчылыгы