2017-жылдын 5-сентябрынын Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Экономикалык жана фискалдык саясат боюнча Комитетинин жыйынынын ПРОТОКОЛУ

06-09-2017 10:48

Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Экономикалык жана фискалдык саясат боюнча Комитетинин жыйынынын

ПРОТОКОЛУ

 

2017-жылдын 5-сентябры                                                     14 саат 00 мүнөт

 

Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин батыш залы (1-кабат).

 

Төрагалык кылган                                                Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Экономикалык жана фискалдык саясат боюнча Комитетинин төрагасы Н.Макеев

 

Жыйналышка Комитеттин мүчөлөрүнүн ичинде катышпаган депутаттар:

Юсуров А.Л. (ишеним добуш Н.Макеевде), Бекешев Д.Д., (ишеним добуш А.Арапбаевде), Мамашова А.Т.(ишеним добуш Г.Асылбаевада), Осмонова А.Ш., Жеенчороев М.К.(кеңеш добуш менен), Сыдыков Б.У. (кеңеш добуш менен), Мавлянова М.Э. (кеңеш добуш менен), Масабиров Т.А. (кеңеш добуш менен), Жамангулов А.Ж. (кеңеш добуш менен), Байбакбаев Э.Дж. (кеңеш добуш менен), Эргешов А.М. (кеңеш добуш менен), Токтошев Э.Т. (кеңеш добуш менен).

            Жыйналышка катышып олтургандар: Макеев Н.К., Арапбаев А.А. Абжалиев А.Т., Чолпонбаев У.С., Айдаров С.А., Асылбаева Г.К, Тулендыбаев П.Р., Сурабалдиева Э.Ж. , Жапаров А.У.(кеңеш добуш менен).

Бардыгы:  9 депутат, анын ичинде кеңеш добуш менен-1.

Жыйналышка чакырылгандар:

Кыргыз Республикасынын Экономика министри – Новиков Артем Эдуардович, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Финансы рыногун жөнгө салуу жана көзөмөлдөө мамлекеттик кызматынын төрагасы – Муканбетов Санжар Турдукожоевич.

 

         Комитеттин төрагасы Н.Макеев Комитеттин жыйынынын күн тартибин бекитүүгө добушка киргизди.

Комитеттин мүчөлөрү күн тартиби боюнча добуш берди.

Добуш берүүнүн натыйжасы: макул –баардыгы (8), каршы жана калыс жок.

1. Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын төрагасынын кызмат ордунан Т.С.Абдыгуловду өз каалосуу боюнча мөөнөтүнөн мурда бошотуу жөнүндө арызын кароо тууралуу.

Баяндамачы: Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Экономикалык жана фискалдык саясат боюнча комитетинин төрагасы – Макеев Нурланбек Кадыкеевич.

Т.С Абдыгулов Улуттук банкынын төрагасы катары кызмат ордунда иштеп келген учурдан (2014-ж) азыркы күнгө чейин жетишкендиктер боюнча отчет берди.

Сүйлөдү: Макеев, Арапбаев, Чолпонбаев.

Комитет ардык грамотага сыйлоону жана 2017-жылдын 26-августунан арызын кабыл алып тийиштүү корутунду кабыл алып добуш берди.

Добуш берүүнүн натыйжасы: макул –баардыгы(8), каршы жана калыс жок.

2. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2016-жылдын 7-июнундагы №306 токтому менен жактырылган “Ишкердиктин субъекттерине текшерүүлөрдү жүргүзүүнүн тартиби жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоору (үчүнчү окууга).

Баяндамачы: Кыргыз Республикасынын Экономика министри – Новиков Артем Эдуардович.

Сүйлөдү: Макеев, Арапбаев. Комитет жактырды жана добуш берди.

Добуш берүүнүн натыйжасы: макул –баардыгы(8), каршы жана калыс жок.

3. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2016-жылдын 30-июнундагы №365 токтому менен жактырылган “Кыргыз Республикасындагы эркин экономикалык зоналар жөнүндө”  Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүү киргизүү тууралуу” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоору (үчүнчү окууга).

Баяндамачы: Кыргыз Республикасынын Экономика министри – Новиков Артем Эдуардович.

Сүйлөдү: Арапбаев. Комитет жактырды жана добуш берди.

Добуш берүүнүн натыйжасы: макул –баардыгы(8), каршы жана калыс жок.

4. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2017-жылдын 16-майындагы №292 токтому менен жактырылган «Бухгалтердик эсеп жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоору (экинчи окууга).

Баяндамачы: Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Финансы рыногун жөнгө салуу жана көзөмөлдөө мамлекеттик кызматынын төрагасы – Муканбетов Санжар Турдукожоевич.

Суроо-жоопко катышкандар: Арапбаев, Султаналиева (Финансы рыногун жөнгө салуу жана көзөмөлдөө мамлекеттик кызматынын аткаруучу советинин мүчөсү), Макеев.

Талкуулоонун негизинде Комитет жеткире маалымат алуу жана иштеп чыгуу максатында 2 жумага кийин карооону сунуштап добуш берди.

Добуш берүүнүн натыйжасы: макул –баардыгы(8), каршы жана калыс жок.

5. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2017-жылдын 14-июнундагы №371 токтому менен жактырылган «Инвестициялык фонддор жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүү киргизүү тууралуу» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоору.

Баяндамачы: Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Финансы рыногун жөнгө салуу жана көзөмөлдөө мамлекеттик кызматынын төрагасы – Муканбетов Санжар Турдукожоевич.

Комитет 1 окууда жактырды жана добуш берди.

Добуш берүүнүн натыйжасы: макул –баардыгы(8), каршы жана калыс жок.

6. Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Экономикалык жана фискалдык саясат боюнча комитетинин 2017-жылдын сентябрынан 2018-жылдын июнуна чейинки Сессиялык планын бекитүү жөнүндө

Сүйлөдү: Жапаров. Комитет кабыл алды жана добуш берди.

Добуш берүүнүн натыйжасы: макул –баардыгы(8), каршы жана калыс жок.

7. Ар кандай маселелер.

Сүйлөдү: Арапбаев. Кийинки жыйынга энергетика тармагында болуп жаткан көмүр менен камсыздануу маселеси Комитет карап тийиштүү чечим кабыл алууну сунуштады. Комитеттин мүчөлөрү макул болду.

 

 

Экономикалык жана

фискалдык саясат боюнча

Комитеттин төрагасы                                                                   Макеев Н.К.

 

 

протокол жүргүздү                                                                        Сабырбекова Ы.С.