2017-жылдын 12-сентябрынын Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Экономикалык жана фискалдык саясат боюнча Комитетинин жыйынынын ПРОТОКОЛУ

18-09-2017 10:50

Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Экономикалык жана фискалдык саясат боюнча Комитетинин жыйынынын

ПРОТОКОЛУ

 

2017-жылдын 12-сентябры                                                     14 саат 00 мүнөт

 

Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин батыш залы (1-кабат).

 

Төрагалык кылган                                                Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Экономикалык жана фискалдык саясат боюнча Комитетинин төрагасы Н.Макеев

 

Жыйналышка Комитеттин мүчөлөрүнүн ичинде катышпаган депутаттар:

Юсуров А.Л. (ишеним добуш Н.Макеевде), Бекешев Д.Д. (ишеним добуш А.Арапбаевде), Абжалиев А.Т. (ишеним добуш Н.Макеевде), Чолпонбаев У.С. (ишеним добуш Н.Макеевде), Айдаров С.А.(ишеним добуш Н.Макеевде), Сурабалдиева Э.Ж. (ишеним добуш Н.Макеевде), Жеенчороев М.К.(кеңеш добуш менен), Сыдыков Б.У. (кеңеш добуш менен), Мавлянова М.Э. (кеңеш добуш менен), Масабиров Т.А. (кеңеш добуш менен), Жамангулов А.Ж. (кеңеш добуш менен), Эргешов А.М. (кеңеш добуш менен), Токтошев Э.Т. (кеңеш добуш менен).

            Жыйналышка катышып олтургандар: Макеев Н.К., Арапбаев А.А., Асылбаева Г.К, Мамашова А.Т., Тулендыбаев П.Р., Осмонова А.Ш., Жапаров А.У.(кеңеш добуш менен), Байбакбаев Э.Дж. (кеңеш добуш менен).

Бардыгы:  8 депутат, анын ичинде кеңеш добуш менен-2.

 

Жыйналышка чакырылгандар: КРнын Экономика министри – Новиков Артем Эдуардович, КРнын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик салык кызматынын төрагасы – Абдыкаимов Октябрь Абдыкаимович, Кыргыз Республикасынын өнөр жай, энергетика жана казынасынын пайдалануу мамлекеттик Комитетинин төрагасы - Рыскулов Уланбек Дуулатович,Улуттук энергетикалык холдинг компаниясы» башкармалыгынын төрагасы –Калиев Айбек Рыспекович,Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик мүлктү башкаруу боюнча фондунун төрагасы- Казаков Болсунбек Кумушбекович;«Электр станциялары» ААКнун башкы директору - Кыдырбаев Узак Асанкарыевич;Бишкек шаардык  электр жылуулук борборунун директору - Омуркул уулу Нурлан;«Кыргызкөмүр» мамлекеттик ишканасынын башкы директору- Джаманбаев Мырза Кермалиевич,Кыргыз Республикасынын Президентинин Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешиндеги ыйгарым укуктуу өкүлү – Абдылдаев Молдакун Абдылдаевич.

 

         Комитеттин төрагасы Н.Макеев Комитеттин жыйынынын күн тартибин бекитүүгө добушка киргизди.

Комитеттин мүчөлөрү күн тартиби боюнча добуш берди.

Добуш берүүнүн натыйжасы: макул –баардыгы , каршы жана калыс жок.

 

1. Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттары У.Примов, А.Омурбекова, Г.Асылбаева, А.Арапбаев, А.Жапаров, М.Жеенчороев, А.Султанов, А.Мамашова, Э.Байбакпаев, Б.Сулейманов, Э.Сурабалдиева, К.Иманалиев, А.Узакбаев жана З.Жамалдинов тарабынан демилгеленген «Этил спиртин жана алкоголдук продукцияны өндүрүүнү жана жүгүртүүнү мамлекеттик жөнгө салуу жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөр киргизүү тууралуу» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоору (кир № 6-491/17 10.01.2017-ж.) (үчүнчү окууга).

Баяндамачы: Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаты – Асылбаева Гюльшат Кадыровна.

Комитет бул маселени 3-окууда жактырды жана добуш берди.

Добуш берүүнүн натыйжасы: макул –баардыгы , каршы жана калыс жок.

 

Депутат А.Жапаров текшерүү системасы боюнча, министерство экономиканын жана салык кызматынын башчыларына Комитеттин атынан тапшырма берүүнү сунуштады (Россия Федерациясынан техникалык жардам алуу үчүн). Комитет колдоду.

 

2. Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттары Н. Макеев,  Г.Асылбаева, Э.Байбакпаев, А.Арапбаев, Э.Сурабалдиева, Д.Толонов, А.Султанов, Т.Зулпукаров, Б.Субанбеков и У.Примовдор тарабынан демилгеленген «Кыргыз Республикасынын Салык кодексине өзгөртүү киргизүү тууралуу» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоорун (кир. №6-11593/17 28.05.17-ж.). (экинчи окууга).

Баяндамачы: Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаты-

Асылбаева Гюльшат Кадыровна

Суроо-жоопко катышкандар: Арапбаев, Асылбаева.

Комитет бул маселени 2-окууда жактырды жана добуш берди.

Добуш берүүнүн натыйжасы: макул –баардыгы , каршы жана калыс жок.

 

3. Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттары Э.Байбакпаев, О.Артыкбаев, А.Токторов, А.Абжалиев, Д.Джумабеков, Д.Исаева, М.Бакиров, П.Тулендыбаев, А.Исмаилова, Р.Туманбаева, Б.Субанбеков, А.Нурбаевдар тарабынан демилгеленген «Кыргыз Республикасынын Администрациялык жоопкерчилик жөнүндө кодексине өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоору (кир. 2017-ж.22.03  №6-6383/17) (экинчи окууга).

Баяндамачы: Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаты-

Байбакпаев Экмат Джурукбаевич

Суроо-жоопко катышкандар: Жапаров А.У., министерство экономиканын өкүлү, ИсаковТ.Б.(эпид.надзордун директору), Байбакпаев, Чодуев (айыл чарба министринин орун басары), Асылбаева.

Талкуулонун негизинде Комитет 2-окууда депутат Асылбаеванын, Байбакпаевдин сунуштарын эске алып жактырды жана добуш берди.

Добуш берүүнүн натыйжасы: макул –баардыгы , каршы жана калыс жок.

 

4. 2014-жылдын 29-майындагы Евразия экономикалык союзу жөнүндө келишимге Кыргыз Республикасынын кошулуусуна байланыштуу Кыргыз Республикасы тарабынан 2014-жылдын 29-майындагы Евразия экономикалык союзу жөнүндө келишимди, Евразия экономикалык союзунун укугуна кирген айрым эл аралык келишимдерди жана Евразия экономикалык союзунун органдарынын актыларын колдонуу боюнча шарттар жана өткөөл жоболор тууралуу 2015-жылдын 8-майында кол коюлган Протоколго өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө Протоколдун долбоору.

Баяндамачы: Кыргыз Республикасынын Экономика министри – Новиков Артем Эдуардович.

ЕЭС тармагында көптөгөн маселелер чечилбей турат деп депутат Арапбаев белгиледи. Ошондуктан бул маселени кийинки жыйынга негизги баяндамачы келип суроолорго жооп берсин деп сунуштады Комитет бул сунушту колдоду жана добуш берди.

Добуш берүүнүн натыйжасы: макул –баардыгы , каршы жана калыс жок.

 

5. 2017-2018-жылдарга Бишкек шаардык электр жылуулук борборуна көмүр алып келүү жөнүндө

Баяндамачылар: Кыргыз Республикасынын өнөр жай, энергетика жана казынасынын пайдалануу мамлекеттик Комитетинин төрагасы - Рыскулов Уланбек Дуулатович;«Улуттук энергетикалык холдинг компаниясы» башкармалыгынын төрагасы –Калиев Айбек Рыспекович.

Чакырылгандар:Кыргыз Республикасынын Экономика министри - Новиков Артем Эдуардович;Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик мүлктү башкаруу боюнча фондунун төрагасы- Казаков Болсунбек Кумушбекович;«Электр станциялары» ААКнун башкы директору - Кыдырбаев Узак Асанкарыевич;Бишкек шаардык  электр жылуулук борборунун директору - Омуркул уулу Нурлан;«Кыргызкөмүр» мамлекеттик ишканасынын башкы директору- Джаманбаев Мырза Кермалиевич.

Жыйындын башында,негизги баяндамачылар келген жоктугуна байланыштуу,бул маселе күн тартибинен добуш менен алып салынды жана кийинки жыйында кароого сунушталды.

Добуш берүүнүн натыйжасы: макул –баардыгы , каршы жана калыс жок.

 

6. Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын төрагалык кызмат ордуна шайлоо үчүн Кулматов Кубанычбек Кенешевичтин талапкерлигин кароо жөнүндө.

Баяндамачы: Кыргыз Республикасынын Президентинин Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешиндеги ыйгарым укуктуу өкүлү – Абдылдаев Молдакун Абдылдаевич.

Суроо-жоопко катышкандар: Кулматов, Тулендыбаев, Байбакпаев, Асылбаева, Арапбаев, Жапаров, Макеев.

Комитет көрсөтүлгөн талапкер Кулматовду колдоп добуш берди.

Добуш берүүнүн натыйжасы: макул –баардыгы , каршы жана калыс жок.

 

 

Экономикалык жана

фискалдык саясат боюнча

Комитеттин төрагасы                                                                   Макеев Н.К.

 

 

протокол жүргүздү                                                                        Сабырбекова Ы.С.