Төрага Талант Мамытов: «Өлкө турмушунда бизнес-коомчулуктун орду чоң, мамлекет дагы алардын таламын талашууга кызыкдар болушу керек»

10-06-2021 12:53

Бүгүн, 10-июнда Төрага Талант Мамытовдун төрагалыгы менен Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Төрагасынын алдындагы Бизнести жана ишкердикти өнүктүрүү боюнча кеңештин кезектеги жыйыны өттү. Иш-чарага Жогорку Кеңештин депутаттары, Башкы прокуратура баш болгон тийиштүү мамлекеттик органдардын, бизнес-омбудсмен баштаган ишкерчиликтин тармактык ассоциацияларынын өкүлдөрү катышты.

Жогорку Кеңештин Төрагасы Талант Мамытов Кыргызстанда, анын ичинде мамлекеттик башкаруу тутумунда кыйла маанилүү өзгөрүүлөр болуп жатканын, өлкө турмушунда бизнес-коомчулуктун орду чоң экенин, мамлекет дагы алардын таламын талашууга кызыкдар болушу керек экенин баса белгиледи. «Жаңы Конституция кабыл алынды. Азыр биздин алдыбызда улуттук мыйзамдарды Баш мыйзамдын жоболоруна ылайык келтирүү милдети турат», - деди ал.

Төрага Бизнес кеңеш кыргыз парламенти менен бизнес-коомчулуктун ортосунда туруктуу байланышты түзө ала турганына терең ишенерин айтты. «Баардык кызыкдар тараптардын мындай өз ара пикир алышуу аянтчасы бири-бирибизди жакшы түшүнүүгө, ишкерлердин арасында талаш-тартыш жаратып келаткан орчундуу маселелердин туура чечилишине өбөлгө түзөт. Биз ишкерлерди негизсиз текшерүүлөргө бөгөт коюп, бизнести коргоо менен бирге, өлкө экономикасына инвестиция тартууга жол ачышыбыз керек», - деп кошумчалады Талант Мамытов.

Төрага жыйын катышуучуларына Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Төрагасынын алдындагы бизнести жана ишкердикти өнүктүрүү боюнча кеңештин төрагасынын жаңы орун басарларын тааныштырып, алардын ишинде ийгиликтерди каалады. Алар: Гүлшат Асылбаева – Жогорку Кеңештин депутаты, Артур Ташибеков – «Кыргызстандын рынокторунун, соода жана кызмат көрсөтүү ишканаларынын ассоциациясы» юридикалык жактардын бирикмесинин аткаруучу директору, Акылбек Жапаров – Министрлер кабинетинин орун басары – экономика жана финансы министри.

Андан тышкары, жыйын жүрүшүндө Катчылыктын Бизнес кеңештин жүргүзүп жаткан иштери жөнүндө учкай маалыматы угулду. Ошондой эле, Кылмыш жана Кылмыш-процессуалдын кодекстеринин жаңы редакциядагы экономикалык кылмыштарды декриминализациялоо, Кыргыз Республикасынын мыйзамдарын инвентаризациялоо жүрүмү, «Дордой» соода-базар комплексиниде орун алган көйгөйлөр талкууланды.

Жогорку Кеңештин Басма сөз кызматы