ЖАҢЫЛЫКТАР 17.06.21.

17-06-2021 09:01

Жогорку Кеңештин бүгүнкү,  17 – июндагы жыйынында  Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин антикризистик программасы жана республиканын аймактарын сугат суусу менен камсыз кылуу боюнча маалыматы угулат.  Кыргыз Республикасынын Эсептөө палатасынын 2020-жылдагы иши жөнүндө аталган ведомствонун төрагасы да бул жолку жыйында отчет берет.  Ошондой эле бир катар ратификациялык мыйзам долбоорлору да күн тартибинде.

Жогорку Кеңештин кечээки жыйынында Агрардык саясат, суу ресурстары, экология жана регионалдык өнүктүрүү боюнча комитетинин төрагасынын орун басарлыгына депутат Нурбек Мурашев 85, Социалдык маселелер, билим берүү, илим, маданият жана саламаттык сактоо боюнча комитетинин төрайымынын орун басарлыгына депутат Чынара Урумкалиева 81 добуш менен шайланды.

Өкмөттүн Баткен областындагы ыйгарым укуктуу өкүлүнө вице-премьердикиндей статус берүү сунушун депутат Карамат Орозова көтөрдү. Анткени, Жогорку Кеңеш кечээки жыйынында Баткен областына өзгөчө макам берилгенине байланыштуу “Кыргыз Республикасынын маселелери боюнча Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларына өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндөгү” мыйзам долбоорун караган эле.

                             СНХ.К.ОРОЗОВА

Баткен областындагы жергиликтүү калк кандай социалдык төлөмдөрдөн колдоно алаарын депутат Шайлообек Атазов тактады.

                              СНХ.Ш.АТАЗОВ

Баткен областында өзгөчөлөнгөн салык жана инвестициялык режимдер иштесин, - деп айтылууда. Мамлекеттик кызмат көрсөтүүлөрдүн жана мамлекеттик сатып алуулардын жеңилдетилген механизмдерин  пайдалануу жагы да жакшы жөрөлгө болмок. Бул жагынан өнүккөн АКШ мамлекетиндеги ири компаниялар салык жагынан жеңилдик бар, - деп Кытайдагы ири заводдорду ижарага алып, кала берсе өз ишканаларын куруп да ишин илгерилетип жатат, - дейт депутат Айбек Осмонов.

                              СНХ.А.ОСМОНОВ                       

                         АБА ЫРАЙЫ ТУУРАЛУУ

Бүгүн, 17 - июнда Ысык-Көл, Нарын областынын  көпчүлүк аймактарында, Чүй, Талас, Ош, Жалал-Абад, Баткен областтарынын кээ бир райондорунда өткүн өтүп, күн күркүрөйт. Бийик тоолуу аймактарга кар жаайт. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4 - 9 метрге чейин жетет. Абанын температурасы Чүй: +28…+33;Талас:+26…+31; Баткен, Ош, Жалал-Абад:+31…+36 градус ысык болот. Ысык-Көл:+21…+26; Нарын:+19…+24; бийик тоолуу аймактарда +3…+8 градус жылуу болот. Бишкек шаарында бүгүн, 17 – июнда жаан жаабайт. Абанын температурасы +30…+32 градус ысык болот.