ЖАҢЫЛЫКТАР 23.06.21.

23-06-2021 09:17

Жогорку Кеңештин бүгүнкү,  23 – июндагы жыйынында “Электр жана почта байланышы жөнүндөгү” мыйзамдын  өзгөртүүлөрү экинчи окууда каралат. Эгер бул мыйзам долбоору кабыл алынып калса, телефон номерлерин сактоо боюнча борборлоштурулган базаны түзүүдөн  болжол менен 43 млн сом, ал эми байланыш операторлорунан 340 млн сом өлчөмүндө каражат үнөмдөөөгө жетишилет.  Талкууда депутат Тынчтыкбек Конушбаев айрым уюлдук телефондор айылдарда жакшы тартпастыгын айтып, бул онлайн окуган балдарга оңтойсуздук жаратып жаткандыгын белгиледи.

                      СНХ.Т.КОНУШБАЕВ

“Жол фонду жөнүндө” мыйзам долбоору биринчи окууга чыгат. Ушуга эле типтеш  “Жол тармагынын иштөөсүнүн каржылык негиздерин бекемдөө маселелери боюнча Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларына өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө”  мыйзамдын долбоору да биринчи окууда талкууланат.  Эгер аталган мыйзамдар кабыл алынып калса, Жол фонду 2023-жылдан тарта иштей баштайт. Бул жагдайлар кечээки тармактык комитеттин да кароосунан өткөн. Анткен менен маселеге кайрылган депутат Рыскелди Момбеков, -“Бул мыйзам кабыл алынып калса, кайрадан эле карапайым калкка оорчулук келет.Ошондуктан, мыйзам долбоорун четке кагууга чакырам”, - дейт.

                      СНХ.Р.МОМБЕКОВ

“Ал – бул”, - дебей,  жолду мамлекеттик бюджеттен эле каржыласа болорун кошумчалаган депутат Шералы Абдылдаев жогорудагы кесиптешинин пикирине ынанат.

                     СНХ.Ш.АБДЫЛДАЕВ

Жол фонду коррупциялык долбоор экенин депутат Шайлообек Атазов белгиледи.

                     СНХ.Ш.АТАЗОВ

Жергебиздеги жолдордун абалы өтө начарлап кеткендигин эске салып депутат Улугбек Ормонов, - азыр Жол фондун түзбөсөк, жолду таптакыр жоготуп алуу коркунучу жаралаарын билдирди.

                     СНХ.У.ОРМОНОВ

Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын 2020-жылдагы иши жөнүндө Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын төрагасынын отчету  парламенттин бул жолку отурумундагы негизги маселелердин бири. Андан тышкары, Кыргыз Республикасынын Коомдук телерадиоберүү корпорациясынын 2020-жылдагы иши жөнүндө Кыргыз Республикасынын Коомдук телерадиоберүү корпорациясынын Байкоочу кеңешинин отчету да угулмакчы.  

                 АБА ЫРАЙЫ ТУУРАЛУУ

Бүгүн, 23 - июнда Ысык-Көл жана Нарын областтарынын кээ бир райондорунда, Чүй жана Ош региондорунун тоолуу райондорунда мезгил - мезгили менен жаан жаап, күн күркүрөйт. Бийик тоолуу райондордо кар жаайт. Чүй, Ош областтарынын өрөөндүү жана башка аймактарда жаан-чачын күтүлбөйт.  Абанын температурасы Чүй: +25...+30, Талас: +24...+29, Ысык – Көл, Нарын: +20...+25 градус жылуу. Ош, Жалал-Абад, Баткен:+30...+35 градус ысык. Бишкек шаарында бүгүн, 23 – июнда жаан-чачын күтүлбөйт. Абанын температурасы +28…+30 градус жылуу болот.