Депутат Наталья Никитенко: “Кыргызстанда аялдарга жана балдарга карата зордук-зомбулуктун абалы оор бойдон калууда”

24-06-2021 13:44

Бул тууралуу бүгүн, 24-июнда Укук тартиби, кылмыштуулук менен күрөшүү жана коррупцияга каршы аракеттенүү боюнча комитетинин жана Жогорку Кеңештин айым депутаттарынын форумунун кеңейтилген отурумунда комитет төрайымы Наталья Никитенко билдирди.

“Бурулай Турдаалы кызы менен Айзада Канатбекованын өлүмү көпчүлүктү кооптондурууда. Мындай окуялар жашыруун түрдө күн сайын, ал тургай саат сайын болууда. Башкы прокуратуранын маалыматына таянсак, акыркы 10 жыл ичинде аялдардын өлүмүнө байланыштуу 762 кылмыш иши козголгон”, – деди Наталья Никитенко.  

Муну менен катар депутат Укук тартиби, кылмыштуулук менен күрөшүү жана коррупцияга каршы аракеттенүү боюнча комитетинин алдындагы мыйзамдарга баа берүү жана мониторинг жасоо боюнча жумушчу тобу аялдарга жана жашы жете элек балдарга карата жүргүзүлгөн зордук-зомбулукка каршы күрөшүү чөйрөсүндөгү мыйзамдардын аткарылышына мониторинг жасаганын белгилеп: “Аталган иштер тиешелүү сунуштамаларды иштеп чыгуу максатында аткарылды”, – деп кошумчалады.

Жогорку Кеңештин Басма сөз кызматы