Депутат У.Садиков: “Жемкордукка жеңдирбөө - адистердин абийириндеги иш!”

28-06-2021 17:38

Ысык-Көл айланма автожолунун Корумду - Балбай участогун реконструкциялоо долбооруна каралган насыялык макулдашууларды ратификациялоо жөнүндөгү мыйзам долбоору Бюджет жана финансы боюнча комитетинде каралды. Маселенин маанисин маалымдап, ЖК депутаты Улукбек Садиков “Парламент” радиосунда болду.

Депутат, - “Жол салууда “сол чөнтөккө сологондор” сапатсыз курулган кан жолдогу кырсыктар үчүн абийир алдында алсыз экендигин сезип, күнөөнү моюнга алышы керек”, - дейт.

“Салынып жаткан жолду курууга эл аралык үч каржы уюмдары катышууда. Анын катарында ислам жолундагы насыялоо менен иштегендери бар. Бирок, насыянын  пайыздык үстөгү 2,5 өлчөмү менен аныкталып жатат. Бул бюджет үчүн бир топ кымбат”, - деди эл өкүлү. Ошондой эле ал, - эски жолдорду калтырып, айланма жолдорду колдонуп, аны пайдалангандар үчүн акы төлөө системасын киргизгенде алынган насыяны актоого жетишилмек, - деген оюн да кошумчаланды.

Андан тышкары Түндүк – түштүк альтернативалуу жолунун курулушун иликтеген депутаттык комиссиянын курамында иш алып барып жаткандыгын айткан парламентарий, - “Бир жыл аралыгында бөлүнгөн каражат колго тийсе, өткөөлдөр (тоннель), көпүрөлөр курулуп бүтүп калат”, - дейт.

Ички жолдордун кароосуз калып жаткан бөлүгү иштен чыгып калбашы керек. Айрыкча, туристтер көп каттаган аймактарда сапатын жоготкон жолдор болбосо, - деп тиешелүү тараптарга кайрылгандыгын айтат У.Садиков.

 

Жогорку Кеңештин Басма сөз кызматы