Жогорку Кенештин депутаты Абдыбек Дюшалиев: “Сунушталган он жылдык мөөнөттүн болгон сыры ушунда”

30-06-2021 11:13

Айдоочулар жол жаңылыштыгын кетирип алып, жазылган айыптарды төлөөдө маалымат алган соң 15 күн ичинде төлөм менен эсептешсе, сумманын 50%ын гана жабууга милдеттүү болушчу. “Азыркы сунушталып жаткан жаңы демилгеге ылайык, ошол 50%дык ченем 70% болсун, - деген жакшы жаңылык. Ал гана эмес 15 күн ичинде эсептешүүлөр жүрсүн, - деген талап 1 айлык мөөнөт менен алмаштырылып жатат”, - дейт “Парламент” радиосунда мейман болгон ЖК депутаты Абдыбек Дюшалиев.

Унааларды кайра каттоо ишинде ал транспорттун тетиктери так номери менен сакталгандыгын ырастаган маалыматтар берилет. Ал эми анын техникалык жактан канчалык жарамдуу экендиги техникалык көзөмөл кызматтары тарабынан тастыкталат, - деп белгиледи эл өкүлү.

Ошондой эле депутат, - “Айдоочулук күбөлүктөрдүн жарактуу мөөнөтү 10 жыл деп белгиленгени, - бул айдоочунун жаш курагы боюнча физиологиялык жактан кандай өзгөрүүлөргө кабылганын текшерүү максатын көздөгөн ченем. Ошондуктан, бул иште техникалык кароого, медициналык кароо дагы кошо кошулат. Он жылдык мөөнөттүн болгон сыры ушунда”, - деп түшүндүрдү.

 

Жогорку Кеңештин Басма сөз кызматы