ЖАҢЫЛЫКТАР 07.07.21.

07-07-2021 09:59

Төрага Талант Мамытов кечээ аятка жыйналып, чек ара маселесин көтөргөн өкүлдөр менен жолугушуп, алардын пикирлерин укту. Өз сөзүндө парламент спикери, - “Маселени чечүүдө кызуу кандуулукка алдырбай, атайын ар бир министерствонун өкүлдөрүнөн турган коомчулук кеңеши иш алып барып, натыйжалуу жыйынтыктарга жетишет”, - деп белгиледи.

                             СНХ.Т.МАМЫТОВ

Парламенттин бүгүнкү,  7 – июлдагы жыйынында Жогорку Кеңештин 2021-жылдын 19-майындагы № 4571-VӀ токтому менен түзүлгөн макулдашуу тобу тарабынан иштелип чыккан “Электрондук соода жөнүндө” мыйзамдын макулдашылган варианты каралат. “Лотереялар жөнүндөгү” мыйзамдын өзгөртүүлөрү үчүнчү окууда талкууга коюлат. Ушул эле маселе Экономикалык жана фискалдык саясат боюнча комитетинин кечээки жыйынында каралган эле. Демиилгечи депутаттардын бири  Гүлшат Асылбаеванын айтымында, эл аралык тажрыйбада мамлекеттик лотерея оюну мыйзамдуу кыйла кирешелүү тармак болуп эсептелет, бирок биздин улуттук мыйзамда «электрондук лотерея ойнотуу» түшүнүгү камтылбай калган, ошондон улам иштеп жаткан мыйзамга тийиштүү өзгөртүүлөрдү киргизүү зарылчылыгы жаралууда.

                            СНХ.Г.АСЫЛБАЕВА

Бул жолку жыйын жүрүшүндө “Мамлекеттик социалдык камсыздандыруу боюнча камсыздандыруу төгүмдөрүнүн тарифтери жөнүндө” мыйзамдын өзгөртүүлөрү да  экинчи окууга чыгарылат. “Кошуп эсептелген пайыздар, туумдар, салыктык санкциялар боюнча карыздарды, камсыздандыруу төгүмдөрү боюнча айып пулдарды кайра түзүмдөштүрүү жөнүндө” мыйзамдын өзгөртүүлөрү болсо депутат Осмон Турдумамбетов тарабынан биринчи окууга сунушталууда.         

                         АБА ЫРАЙЫ ТУУРАЛУУ

Бүгүн, 7 – июлда Ысык-Көл, Нарын областтарынын көпчүлүк аймактарында, Чүй, Ош, Жалал-Абад областтарынын тоолуу райондорунда күн күркүрөп, өткүн өтөт. Ал эми аталган областтардын дыйканчылык аймактарында Талас жана Баткен региондорунда күн ачык болот. Түштүк – чыгыш тараптан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 5-10 метрге чейин жетет. Абанын температурасы Чүй:+35…+40, Талас:+34…+39, Ош, Жалал- Абад, Баткен:+36…+41, Ысык-Көл: +27…+32 градус ысыйт. Нарын:+25…+30 градус жылуу. Бишкек шаарында жаан – чачын күтүлбөйт. Түштүк – чыгыш тараптан соккон шамалдын ылдамдыгы 5-10 метрге чейин жетет. Абанын температурасы +38…+40 градус ысык болот.