Жогорку Кеңеш жыйынында Венгрия-Кыргыз өнүктүрүү фондун түзүү боюнча макулдашуу демилгеси каралды

07-07-2021 12:25

Жогорку Кеңеш жыйынында “2021-жылдын 8-апрелинде Бишкек шаарында кол коюлган Кыргыз Республикасынын Өкмөтү менен Венгрия Өкмөтүнүн ортосундагы Венгрия-Кыргыз өнүктүрүү фонду жөнүндө макулдашууну ратификациялоо тууралуу” мыйзам долбоору каралып, анын концепциясы добуш берүүгө жөнөтүлдү.

Макулдашууга ылайык, эки өлкө ортосундагы экономикалык кызматташууга көмөктөшүү, экономиканы модернизациялоо жана өнүктүрүү, мүмкүнчүлүктөрдү натыйжалуу пайдалануу максатында Венгрия-Кыргыз өнүктүрүү фонду түзүлөт. Фонд Кыргыз Республикасынын аймагында катталган жана ишин жүзөгө ашырган чарбакер субъекттерге жеңилдетилген кайтарымдуу насыяларды берүү, капиталына катышуу жана башка каржылык инструменттерди пайдалануу аркылуу өлкөнүн экономикасынын артыкчылыктуу тармактарында өзүн-өзү актоочу долбоорлорду ишке ашырат.

Фонддун алгачкы каражаты 16 млн доллар өлкөмүндө болот, бирок ал бара-бара 50 млн долларга чейин көбөйтүлөт. Келишим ратификацияланып калса, каражат ушул жылдын 31-сентябрына чейин түшүүгө тийиш. Анын Директорлор кеңешинин курамы 5 адамдан турат: кыргыз тарап – 3 өкүл, венгер тарап – 2 өкүл. Фонддун төрагасы Министрлер кабинетинин башчысы тарабынан дайындалат.

Депутат Жанар Акаев бул фонддун кеңсеси Баткен облусунда ачылса, чек ара аймагындагы жергиликтүү ишкерлер үчүн кыйла пайдалуу болорун айтты. Ал эми депутат Айнура Осмонова каражатты бекер эле чачып жибербей, айыл чарба тармагындагы жакшы долбоорлорго жумшалса, ал тармактын өнүгүшүнө түрткү берерин белгиледи. Экономика жана финансы министрлигинин өкүлү мындай сунуштарды Фонддун кеңешине киргизүүгө убуда берди.

Белгилүү болгондой, азыркы учурда Өзбек-Кыргыз фонду да түзүлүп жатат. Фонддун уставдык капиталы алгач 50 млн долларды түзөт. Кийин уставдык капиталды 200 млн долларга жеткирүү менен, бардык уставдык капиталга төлөөлөр Өзбекстан тарабынан камсыз кылынмакчы.

Андан тышкары, жакында Кыргыз-Түркмөн өнүктүрүү фондун түзүү мерчемделип жатканы белгилүү болду. Анын каржысы болжол менен 100 млн долларды түзүшү мүмкүн.

 

Жогорку Кеңештин Басма сөз кызматы