ЖАҢЫЛЫКТАР 14.07.21.

14-07-2021 09:28

Бүгүн, 14 - июлда Жогорку Кеңештин жыйыны өтөт. Анда  “Электр жана почта байланышы жөнүндө” мыйзамдын өзгөртүүлөрү үчүнчү окууда каралат. “Бажылык жөнгө салуу жөнүндө” мыйзамга сунушталган өзгөртүүлөр экинчи окууга чыгарылат. “Чек ара ыйгарым укуктуулары жөнүндө” мыйзамдын өзгөртүүлөрү депутаттар тобу тарабынан демилгеленүүдө. Андан тышкары бир катар ратификациялык мыйзам долбоорлору да талкууланмакчы.

Ушул эле жыйында “Кыргыз Республикасынын Президентин жана Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттарын шайлоо жөнүндө” конституциялык мыйзамына өлкө башчысы тарабынан демилгеленип жаткан өзгөртүүлөрдү камтыган конституциялык мыйзам долбоору биринчи окууда каралат.

Жогорку Кеңешке алдыда шайлануучу 90 депутатты  аралаш  (параллелдик) система менен тандоо үчүн жаңы шайлоо системасын  киргизүү сунушталууда. Ага ылайык 35 депутат  бир мандаттуу  шайлоо округдарында мажоритардык система, 55 депутат  бирдиктүү шайлоо округу боюнча  пропорционалдык системанын негизинде  партиялык тизме аркылуу шайланат. Бул тууралуу маселе кечээки Конститтуциялык комитеттин жыйынында талкууланды. Бул багытта оюн ортого салган  депутат Айнуру Алтыбаева  мажоритардык система - артка жасалган кадам экенин  белгиледи.

                            СНХ. А.АЛТЫБАЕВА

Депутат Аалы  Карашев  парламентке  добуш берүүгө  катышкан шайлоочулардын  25-30  пайыздан кем эмес  добушуна ээ болгон талапкер гана келиши керек, - деп  сунуштады.

                            СНХ.А.КАРАШЕВ

“Кыргыз Республикасынын Конституциялык соту жөнүндөгү” конституциялык мыйзам долбоору тармактык комитетте каралган учурда депутат Мирлан Жеенчороев  Конституциялык соттун  сандык курамы боюнча  маселени көтөрдү.  

                            СНХ.М.ЖЕЕНЧОРОЕВ

Төрага Талант Мамытов 12-июль күнү Жалал-Абад областынын Аксы районунда жүргөн селдин кесептинен каза болгондордун жана жабыркагандардын жакындарына көңүл айтып, “Аксы жергесинде адам өмүрүнө зыян алып келген табигый кырсык тууралуу кабарды терең кайгыруу менен кабыл алдык. Жай тургундардын күтүүсүз кырсыктан каза болушу жалпы кыргыз эли үчүн оор жоготуу. Селден каза болгондордун жакындарына жана жалпы кыргыз элине Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттарынын жана өзүмдүн атымдан терең кайгыруу менен көңүл айтып, аза кайгысын тең бөлүшөм. Ал эми кырсыктан жабыркагандардын тез арада сакайып кетүүсүн тилейм”, - деп билдирди.

                            АБА ЫРАЙЫ ТУУРАЛУУ

Бүгүн, 14 – июлда Чүй, Талас, Ысык-Көл, Нарын областтарынын кээ бир райондорунда, Ош, Жалал-Абад, Баткен областтарынын тоо этектеринде жана тоолуу райондорунда өткүн өтүп, күн күркүрөйт. Ош, Жалал-Абад, Баткен региондорунун өрөөндөрүндө жаан-чачын болбойт. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4 – 9, кээ бир райондордо 15 - 20 метрге чейин жетет. Абанын температурасы Чүй, Ош, Жалал – Абад, Баткен: +26...+31 ысык болот. Талас:+25...+30, Ысык – Көл, Нарын:+20...+25, бийик тоолуу райондордо +6...11 градус жылыйт. Бишкек шаарында бүгүн, 14 – июлда  өткүн өтүп, күн күркүрөйт. Абанын түнкү төмөнкү температурасы +29…+31 градус ысык болот.