Депутат айымдардын демилгеси менен уюштурулган лидер айымдардын курултайы Чүй областында старт алды. Ага бардык тармактын жигердүү айымдары катышып, иш ийгилигин жаратуудагы тилектештикти бекемдешти, - дейт Жогорку Кеңештин депутаты Айнура Аскарова “Парламент” радиосуна маек куруп.
“Курултай иш чаралары шайлоо алдындагы аянтча эмес” - деген эл өкүлү, - “Эртең ушундай эле жергиликтүү лидер айымдарды колдоочу иш чара Ош областында башталганы турат. Мындай курултай Нарын областында да уланат. Бара – бара республиканын бардык дубандарында демилге жайылтылат”, - деп билдирди.
Жогорку Кеңештин Басма сөз кызматы