Алгачкы жолу кыргыз-өзбек ишкер аялдарынын биргелешкен эл аралык бизнес форуму өтүүдө

21-09-2021 12:04

Бүгүн, 21-сентябрда Кыргызстан менен Өзбекстандын ишкер аялдарынын эл аралык бизнес форуму Бишкекте өтүүдө.

Форумга Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин төрагасынын орун басары Аида Касымалиева, Өзбекстан Республикасынын Олий Мажлисинин Сенатынын Төрайымы Танзила Нарбаева, БУУнун Башкы катчысынын Борбор Азия боюнча өкүлү Наталья Герман, Тажикстан Республикасынын Өкмөтүнүн аялдар жана үй-бүлө маселеси боюнча комитетинин төрагасы Хилалби Курбонзода, Казакстан Республикасынын парламентинин Эл аралык иштер  жана коргонуу боюнча комитетинин төрайымы Айгүл Куспан, ошондой эле Кыргызстан менен Өзбекстандын ишкер айымдары катышууда.

Форумда сөз сүйлөгөн Жогорку Кеңештин төрагасынын орун басары Аида Касымалиева биринчи жолу ишкер аялдардын башы  биригип, кеңири форматта сүйлөшүү аянты түзүлүп жатканын кубануу менен белгилеп, бүгүнкү башталган иш-чара жемиштүү жыйынтыкталаарына ишенээрин билдирди.

Ал эми Танзила Нарбаева Өзбекстан парламентиндеги депутаттардын 32%ы аялдар экенин, мамлекеттик саясатта гендердик теңдик камсыздалганын кошумчалады. Муну менен катар ишкер аялдарды колдоо максатында мамлекеттик бюджеттен каражат бөлүнүп, атайын каржылоочу банк түзүлгөнүн маалымдады.

Андан тышкары, форумдун катышуучулары ишкер аялдардын ишмердүүлүгүн колдоо маселесин көтөрүшүп, тажрыйбалары менен бөлүшүштү. 

Жогорку Кеңештин Басма сөз кызматы