“Сууну пайдалануучулардын бирикмелери (ассоциациялары) жана сууну пайдалануучулардын бирликтери жөнүндөгү” мыйзамга өзгөртүүлөр сунушталууда

22-09-2021 16:38

Бүгүн, 22-сентябрдагы Жогорку Кеңештин жыйынында “Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларына (Суу кодексине, Бузуулар жөнүндө кодексине,  “Сууну пайдалануучулардын бирикмелери (ассоциациялары) жана сууну пайдалануучулардын бирликтери жөнүндө” мыйзамга) өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндөгү” мыйзамдын долбоору биринчи окууда каралды.

Мыйзам долбоору депутаттар Бакыт Төрөбаев жана Мейкинбек Абдалиев тарабынан демилгеленүүдө.

Жыйында баяндама жасаган депутат Мейкинбек Абдалиев мыйзам долбоору ички чарбалык ирригациялык тутумдарда, сууну пайдалануучулар ассоциациясынын жоопкерчилик зонасында экономикалык туруктуулукту камсыздоо максатында сунушталып жатканын маалымдады.

Талкуу маалында депутаттар мыйзам долбоорунун киргизилиши менен “ортомчу” мекемелердин көбөйүшүнө жол ачпайды деген суроолорду беришти.

Тиешелүү министрликтин өкүлү ирригациялык тутумдардагы менчик укугуна жана сугат сууну берүүнү башкаруу объектисинин статусуна карабай мамлекеттин жоопкерчилиги жогорулатылаарын билдирди.

Ал эми депутат Бурул Аманова суу чарбасын өнүктүрүү максатында бөлүнгөн каражаттар негизсиз пайдаланылып жаткандыгы тууралуу кайрылуулар бар экенин белгилеп, бул жаатта көзөмөлдү күчөтүү керектигин кошумчалады.

Ошондой эле депутат Айнура Аскарова Баткен облусуна өзгөчө макам бергилгенине токтолуп: “Андыктан аталган облустун суу чарба тармагын өнүктүрүүгө өзгөчө көңүл бурулушу керек”, – деди.   

Талкуудан соң мыйзам долбоору биринчи окууда добуш берүүгө жөнөтүлдү.

Жогорку Кеңештин Басма сөз кызматы