Мамлекеттик социалдык камсыздандыруу төгүмдөрүнүн тарифтерин өзгөртүү тууралуу мыйзам долбоору добуш берүүгө жөнөтүлдү

22-09-2021 16:51

Бүгүн, 22-сентябрдагы Жогорку Кеңештин жыйынында “Мамлекеттик социалдык камсыздандыруу боюнча камсыздандыруу төгүмдөрүнүн тарифтери жөнүндө” Кыргыз Республикасынын мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу» мыйзамдын долбоору экинчи окууда каралып, добуш берүүгө жөнөтүлдү. 

Мыйзам долбоору депутаттар А. Алтыбаева, О.Бакиров, А.Дюшалиев, У.Кыдыралиев, С.Ибраев, К. Иманалиев, З.Шарапов, У.Самаев, З.Эсенаманов, Р.Момбеков, Н.Арзыбаев, С.Тагаевтер тарабынан демилгеленген.

Жыйында баяндама жасаган Жогорку Кеңештин Экономикалык жана фискалдык саясат боюнча комитетинин төрагасынын орун басары, депутат Дастан Бекешев: “Мыйзам долбоору Кыргыз Республикасында убактылуу жүргөн чет өлкөлүк жарандардын азыркы учурда 3% өлчөмүндө төлөгөн камсыздандыруу төгүмдөрүн Кыргыз Республикасынын кызматкер-жарандары үчүн 27,25% өлчөмүндө белгиленген камсыздандыруу төгүмдөрүнүн тарифтерине теңештирүү максатында сунушталууда”, – деди.

Жогорку Кеңештин Басма сөз кызматы