Парламенттик шайлоого карата даярдыктын жүрүшү боюнча БШКнын төрайымы Нуржан Шайлдабекова маалымат берди

22-09-2021 19:43

Бүгүн, 22-сентябрдагы парламент жыйынында Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттарын шайлоого карата даярдыктын жүрүшү тууралуу Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиянын төрайымы Нуржан Шайлдабекова маалымат берди.  

Ушул жылдын 28-ноябрында боло турган парламенттик шайлоого карата тийиштүү даярдыктар жүргүзүлүп жатканын белгилеген Нуржан Шайлдабекова: “75 партия шайлоого катышуу үчүн арыз менен кайрылган. Учурда өзүн-өзү көрсөткөн талапкерлерди каттоо иши уланууда. 29-октябрда үгүт иштери башталат. Шайлоого 592 млн 531 миңдей каражат каралган. Бир мандаттуу округдарда депутаттарды шайлоо үчүн 36 шайлоо округунун чек аралары бекитилип жарыяланды”, – деди.

Талкуу маалында депутат Анвар Артыков бир мандаттуу шайлоо округдары кайсы негиздеменин негизинде түзүлгөнүнө кызыкты.

Өз кезегинде Нуржан Шайлдабекова атайын ченемдер тиешелүү конституциялык мыйзамдын 19-беренесинде каралганына токтолуп: “Ар бир округдагы шайлоочулардын саны тең болушу керек. Бирок 20%дык айырмачылыктарга жол берилет. Ошондой эле бири-бири менен чектелбеген округдарды түзүүгө мүмкүн эмес. Албетте административдик-аймактык өзгөчөлүк да эске алынышы керек”, – деди.

Ал эми депутат Шайлообек Атазов шайлоодо колдонулуучу жабдуулар тууралуу ар кандай пикирлер айтылып жатканын билдирип: “Кандай даярдыктар жүрүүдө?” – деген суроо койду.

Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиянын төрайымы бардык жабдуулар тестирлөөдөн өткөрүлүп жатканын айтып, кабатырланууга негиз жок экенин кошумчалады.  

Мындан тышкары депутат Өмүрбек Бакиров “Бир мандаттуу округдардын чектерин бекитүү боюнча 5-сентябрда токтом кабыл алгансыңар. А эмне үчүн ошол токтомду 15-сентябрда кайра өзгөрттүңөр? Буга эмне түрткү болду? Мыйзам бузуу болгон жокпу? Анткени тиешелүү мыйзамда округдарды аймактык шайлоо комиссиясынын жана жергиликтүү бийликтин сунушу менен гана өзгөртүүгө болоору белгиленген. Бирок силер жумушчу тобунун сунушу менен токтомду алмаштыргансыңар”, – деди.

“Мыйзамга ылайык, 5-сентябрда токтом кабыл алынган. Бирок Ош облусундагы шайлоо округдары боюнча талаштуу жагдайлар пайда болуп, токтомду өзгөртүү зарылчылыгы келип чыкты. Жумушчу топ бир нече отурум өткөрүп, мекемелер аралык комиссия да аталган маселени караган. Бирок бир пикирге келе алган жокпуз. Жыйынтыгында акыркы вариант көпчүлүк акимдердин жана губернатордун сунушу менен кабыл алынды”, – деп жооп берди Нуржан Шайлдабекова.

Ошондой эле талкууда парламенттик шайлоонун өзгөчөлүктөрү боюнча калкка толук маалымат жеткирүү зарылчылыгы да айтылды.  

Жогорку Кеңештин Басма сөз кызматы