Депутат Мурадыл Мадеминов ЖККУ ПАнын тармактык туруктуу комиссиясынын отурумуна катышты

19-10-2021 11:54

Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаты Мурадыл Мадеминов Жаматтык коопсуздук келишими уюмунун Парламенттик ассамблеясынын (ЖККУ ПА) Социалдык-экономикалык жана укук маселелери боюнча туруктуу комиссиясынын отурумуна катышты.

Санкт-Петербург шаарында өткөн иш-чаранын алкагында уюмдун ишмердүүлүгүнө байланыштуу бир катар маселелер талкууланды. Муну менен катар ЖККУ ПАнын алдындагы Эксперттик-консультативдик кеңештин жыйыны да өттү.   

Жогору Кеңештин Басма сөз кызматы