Жаӊы депутаттар Алайбек Алымбаев менен Арсланбек Ражапбаев парламентте ант берип, депутаттык ыйгарым укуктарын аткарууга киришти

20-10-2021 10:44

Жогорку Кеӊештин жыйынында «Республика – Ата Журт» саясий партиясынын тизмеси боюнча депутат болгон Алымбаев Алайбек Анаркулович жана «Өнүгүү - Прогресс» саясий партиясынын тизмеси боюнча депутат болгон Ражапбаев Арсланбек Шукуруллаевич ант берип, өздөрүнүн депутаттык ыйгарым укуктарын аткарууга киришишти.

Жогорку Кеңештин Төрагасы Талант Мамытов жалпы депутаттардын атынан Алайбек Алымбаев менен Арсланбек Ражапбаев депутат болуп келиши менен куттуктап, алардын ишинде ийгиликтерди каалады.

Белгилей кетсек, «Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин статусу жөнүндө» мыйзамга ылайык, жаӊы депутат парламентте ант берген соӊ, өзүнүн депутаттык ыйгарым укуктарын расмий түрдө аткарууга киришет.

 

Жогорку Кеӊештин Басма сөз кызматы