Депутат Өмүрбек Бакиров Ноокат районуна караштуу Көк - Жар айылында катталган өрт кырсыгынын кесепеттери тууралуу сөз кылды

12-01-2022 17:45

Алыскы Ош облусунун Ноокат районуна караштуу Көк - Жар айыл өкмөтүнүн аймагында орун алган өрт кырсыгы бир үй - бүлөдөгүлөрдүн бир канчасынын өмүрүн алып кетти. Мындай каргашалуу окуянын зыянын тарткандардан кабар алып, аларга моралдык колдоо көрсөтүп келген Жогорку Кеңеш депутаты Өмүрбек Бакиров "Парламент" радиосуна курган маегинде Төраганын фондунан материалдык жардам көрсөтүүнү талап кылды.

Өткөн 2021 – жылдын 27 – декабрында Ноокат районуна караштуу Көк - Жар айыл өкмөтүнүн аймагында болгон өрт кырсыгы бир бүлөдөгү 2 чоң жана 2 жаш баланын өмүрүнө балта чапты. Бул тууралуу аймактагы атайын өкүлчүлүк билдиргендигин айтып, депутат тилсиз жоодон жабыркагандардан кабар алып, оорукананын жандандыруу бөлүмүндө жаткан үй ээсинин абалын билип кайткандыгын маалымдады. Эч кимдин башына мындай абал түшпөсүн, - деп кырсыктан жабыркагандарга жаны ачыган эл өкүлү ооруканаларда психолог адистердин зарылчылыгы бар экендигине токтолду. Ошондой эле, ал алыскы аймактарда өрт өчүрүү кызматтардын техникалык жабдыктары жайында эместигин да эске алууга туура келет, - дейт.

Жогорудагы жабыркаган үй – бүлөнүн тилсиз жоодон кыйраган  тамы кайра калыбына келбеген абалга кабылгандыгын айтып, бул жагынан да чукул колдоо керектигин белгилеген эл өкүлү, - учурда Жогорку Кеңеш Төрагасынын фондунан материалдык колдоо суралып жаткандыгына токтолду.

Жогорку Кеңештин Басма сөз кызматы