Жогорку Кеңештин төрагасынын орун басары Улан Примов Чоң-Алай районуна барды

17-09-2022 19:59

Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин төрагасынын орун басары Улан Примов Ош облусунун Чоң-Алай районуна барды.

Депутат район акими менен бирге мамлекеттик чек аранын Чоң-Алайдагы кыргыз-тажик тилкесиндеги абал менен жеринде таанышты. Ошондой эле эвакуацияланган тургундар менен жолугушту.

Белгилей кетсек, бүгүнкү күндө мамлекеттик чек аранын Чоң-Алай районундагы кыргыз-тажик тилкесинде кырдаал курчуп турат.

Коомчулук жана ЖМК менен иштөө бөлүмү