Жогорку Кеңештин депутаттары Камила Талиева менен Чыңгыз Ажибаев Баткен облусунун Лейлек районунда жүрөт

18-09-2022 11:51

Тагыраагы, депутаттар Жаңы-Жер жана Маргун айылдарындагы жагдайды жеринде көрүп, эвакуацияланган эл менен жолугушту. Муну менен катар саламаттык сактоо министри Гүлнара Баатырова менен байланышып, керектүү медициналык дары-дармектерди тез арада жеткирүү маселесин сүйлөштү.

Ошондой эле жергиликтүү элди күйүүчү май жана гуманитардык жардамдар менен толук камсыздоо маселесин Министрлер кабинети менен талкуулашты. Алсак айрым айылдарга гуманитардык жардамдар толук жеткириле элек.

Мындан тышкары тургундар менен өткөрүлгөн жолугушууларда башкы талап катары чек ара маселесин чечүү жана жеке мүлктү коргоо зарылчылыгы айтылды.

Белгилей кетсек, Баткендеги кырдаал боюнча Жогорку Кеңештин депутаттары тарабынан Бишкек жана Ош шаарларында атайын штаб түзүлгөн. Жергиликтүү тургундар аталган штабдарга кайрылуу мүмкүнчүлүгүнө ээ. Өз кезегинде эл өкүлдөрү Баткен облусуна да барып, кырдаалга ылайык жеринде иш алып барууда.

Коомчулук жана ЖМК менен иштөө бөлүмү