Жогорку Кеӊеште Баткен облусундагы жана Ош облусунун Чоң - Алай районундагы мамлекеттик чек аранын кыргыз-тажик участкасындагы түзүлгөн кырдаал жөнүндө Министрлер кабинетинин маалыматы угулууда

22-09-2022 10:19

Бүгүн, 22-сентябрда Жогорку Кеңештин жыйынында депутаттар Баткен областындагы жана Ош областынын Чоң - Алай районундагы Мамлекеттик чек аранын кыргыз-тажик участкасындагы түзүлгөн кырдаал жөнүндө Кыргыз Республикасынын Министрлер кабинетинин маалыматын жабык эшик артында угууда.

Жыйынга Министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары – Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин төрагасы Камчыбек Ташиев баштаган тиешелүү мамлекеттик органдардын өкүлдөрү катышууда.

Коомчулук жана ЖМК менен иштөө бөлүмү