30-ноябрда Жогорку Кеңештин жыйыны өтөт

30-11-2022 10:00

2022-жылдын 30-ноябрында саат 10:00дө Жыйындар залында Жогорку Кеңештин жыйыны өтөт. 

Күн тартибинин долбоору (өзгөртүүлөр болушу мүмкүн):

1. 2022-жылдын декабрына Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин ишинин календардык планын бекитүү жөнүндө

2. “2022-жылдын 24-мартында Москва шаарында кол коюлган 2014-жылдын 29-майындагы Евразия экономикалык бирлиги жөнүндө келишимге Евразия экономикалык комиссиясынын жана Евразия экономикалык бирлигинин сотунун Россия Федерациясынын жарандары болуп саналган кызмат адамдарын жана кызматкерлерин пенсиялык камсыздоо бөлүгүндө өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу протоколду ратификациялоо жөнүндө” Мыйзамдын долбоору (үчүнчү окууга киргизилет) (демилгечи – Министрлер Кабинетинин Төрагасы, 12.08.2022деги кир.№ 6-16541/22) (Эл аралык иштер, коргоо, коопсуздук жана миграция боюнча комитет)

3. “2022-жылдын 19-апрелинде Москва шаарында кол коюлган, 2015-жылдын 8-майында кол коюлган 2014-жылдын 29-майындагы Евразия экономикалык бирлиги жөнүндө келишимге Кыргыз Республикасынын кошулуусуна байланыштуу 2014-жылдын 29-майындагы Евразия экономикалык бирлиги жөнүндө келишимдин, Евразия экономикалык бирлигинин укугуна кирген айрым эл аралык келишимдердин жана Евразия экономикалык бирлигинин органдарынын актыларынын Кыргыз Республикасы тарабынан колдонулушу боюнча шарттар жана өткөөл жоболор тууралуу протоколго өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө протоколду ратификациялоо тууралуу ” Мыйзамдын долбоору (үчүнчү окууга киргизилет) (демилгечи – Министрлер Кабинетинин Төрагасы, 23.08.2022деги кир.№ 6-16814/22) (Эл аралык иштер, коргоо, коопсуздук жана миграция боюнча комитет)

4. “2021-жылдын 15-октябрында кол коюлган Көз карандысыз Мамлекеттер Шериктештигине катышкан мамлекеттердин кылмыш жолу менен алынган кирешелерди легалдаштырууга (адалдоого), терроризмди каржылоого жана массалык кыргын салуучу куралды таратууну каржылоого каршы аракеттенүү жөнүндө келишимин ратификациялоо тууралуу” Мыйзамдын долбоору (экинчи окууга киргизилет) (демилгечи – Министрлер Кабинетинин Төрагасы, 09.09.2022деги кир.№ 6-17602/22) (Эл аралык иштер, коргоо, коопсуздук жана миграция боюнча комитет)

5. “2021-жылдын 8-апрелинде Бишкек шаарында кол коюлган Кыргыз Республикасынын Өкмөтү менен Венгрия Өкмөтүнүн ортосундагы Жүргүнчүлөрдү жана жүктөрдү эл аралык автомобилдик ташуулар жөнүндө макулдашууну ратификациялоо тууралуу” Мыйзамдын долбоору (экинчи окууга киргизилет) (демилгечи – Министрлер Кабинетинин Төрагасы, 30.06.2022деги кир.№ 6-14452/22) (Эл аралык иштер, коргоо, коопсуздук жана миграция боюнча комитет)

6. “Согуштун, Куралдуу Күчтөрдүн ардагерлери жана оруктагы эмгекчилер жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу” Мыйзамдын долбоору (экинчи окууга киргизилет) (демилгечи – Министрлер Кабинетинин Төрагасы, 13.05.22деги кир. № 6-9021/22) (Эл аралык иштер, коргоо, коопсуздук жана миграция боюнча комитет)

7. “2022-жылдын 11-ноябрында Бишкек шаарында кол коюлган Кыргыз Республикасы менен Азия өнүктүрүү банкынын ортосундагы Кредиттик макулдашууну (жеңилдетилген шарттардагы кадимки операциялар) (“АӨБ турукташтыруу (антициклдик) механизминин алкагында активдүү антициклдик чыгашалардын (BRACE) жардамы менен туруктуулукту жогорулатуу”), Кыргыз Республикасы менен Азия өнүктүрүү банкынын ортосундагы Гранттык макулдашууну (атайын операциялар) (“АӨБ турукташтыруу (антициклдик) механизминин алкагында активдүү антициклдик чыгашалардын (BRACE) жардамы менен туруктуулукту жогорулатуу”) ратификациялоо жөнүндө”  Мыйзамдын долбоору (биринчи окууга киргизилет) (демилгечи – Министрлер Кабинетинин Төрагасы, 14.11.22деги кир. № 6-22580/22) (Эл аралык иштер, коргоо, коопсуздук жана миграция боюнча комитет, Бюджет, экономикалык жана фискалдык саясат боюнча комитет)

8. “Кыргыз Республикасынын социалдык камсыздоо чөйрөсүндөгү айрым мыйзам актыларына өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө” Мыйзамдын долбоору (экинчи окууга киргизилет) (демилгечи – Министрлер Кабинетинин Төрагасы, 30.05.22деги кир. № 6-10640/22) (Социалдык саясат боюнча комитет)

9. “Экстремисттик ишке каршы аракеттенүү жөнүндө” Мыйзамдын долбоору (экинчи окууга киргизилет) (демилгечи – Министрлер Кабинетинин Төрагасы, 17.06.2022деги кир.№ 6-12778/22) (Укук тартиби, кылмыштуулук менен күрөшүү жана коррупцияга каршы аракеттенүү боюнча комитет)

10. “Тышкы миграция жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу” Мыйзамдын долбоору (экинчи окууга киргизилет) (демилгечи – Министрлер Кабинетинин Төрагасы, 08.06.2022деги кир.№ 6-11804/22) (Укук тартиби, кылмыштуулук менен күрөшүү жана коррупцияга каршы аракеттенүү боюнча комитет)

11. “Кыргыз Республикасынын Укук бузуулар жөнүндө кодексине өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө” Мыйзамдын долбоору (экинчи окууга киргизилет) (демилгечилер – депутаттар Кенжебаев А.Б., Самыйкожо М., 31.03.2022деги кир.№ 6-5588/22) (Укук тартиби, кылмыштуулук менен күрөшүү жана коррупцияга каршы аракеттенүү боюнча комитет караган)

12. “Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза процессуалдык кодексине өзгөртүү киргизүү жөнүндө” Мыйзамдын долбоору (биринчи окууга киргизилет) (демилгечи – Министрлер Кабинетинин Төрагасы, 07.10.2022деги кир.№ 6-20098/22) (Укук тартиби, кылмыштуулук менен күрөшүү жана коррупцияга каршы аракеттенүү боюнча комитет)

13. “Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларына (Бюджеттик кодексине, “Билим берүү жөнүндө” Мыйзамга) өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө” Мыйзамдын долбоору (биринчи окууга киргизилет) (демилгечилер – депутаттар Акаев Ж.К., Исатбек кызы А., Сулайманов Э.Н., Айдарова А.А., Молдобекова Г.С., Самыйкожо М., Жакышов Р.Ш., Алимжанова Н.Я., Саккараев М.Дж., Бекешев Д.Д., Түмөнбаев А.Т., Сыдыков Б.Ү., Раимбачаева В.К., Нарматова Н.А., Алимжанов Ф.А., Исираилов А.А., Маткеримов А.Т., Кыдыкбаев Ж.С., Бакиров Ө.М., Талиева К.А., Масабиров Т.А., Ражабалиев Н.А., 20.06.22деги кир. № 6-13079/22) (Бюджет, экономикалык жана фискалдык саясат боюнча комитет, Социалдык саясат боюнча комитет)

14. “Патент мыйзамы” Мыйзамдын долбоору (биринчи окууга киргизилет) (демилгечи – Министрлер Кабинетинин Төрагасы, 15.08.2022деги кир.№ 6-16574/22) (Социалдык саясат боюнча комитет, Бюджет, экономикалык жана фискалдык саясат боюнча комитет)

15. “Кыргыз Республикасынын бийик тоолуу, алыскы жана жетүүгө кыйын зоналарында жашаган жарандарга социалдык төлөмдөр боюнча инвентаризациялоону жүргүзүү жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин 2022-жылдын 29-июнундагы № 377-VII токтомунун аткарылышы жөнүндө” Жогорку Кеңештин токтомунун долбоору (Социалдык саясат боюнча комитет)

16. “2023-жылга Көз карандысыз Мамлекеттердин Шериктештигине катышкан мамлекеттердин Парламенттер аралык Ассамблеясынын Чынгыз Айтматов атындагы сыйлыгы менен сыйлоонун акчалай өлчөмүн бекитүү жөнүндө” Жогорку Кеңештин токтомунун долбоору (Эл аралык иштер, коргоо, коопсуздук жана миграция боюнча комитети).

Коомчулук жана ЖМК менен иштөө бөлүмү