Бүгүн, 16-ноябрдагы Жогорку Кеңештин жыйынында “2022-жылдын 19-апрелинде Москва шаарында кол коюлган Бажылык транзиттин бажы жол-жоболоруна ылайык товарларды ташууда бажы алымдарын, салыктарды, атайын, антидемпингдик жана компенсациялык алымдарды төлөө боюнча милдеттенмелердин аткарылышын камсыздоону колдонуунун өзгөчөлүктөрү жөнүндө макулдашууну ратификациялоо тууралуу” мыйзам долбоору үчүнчү окууда каралды.
Белгилей кетсек, мыйзам долбоору Бажылык транзиттин бажы жол-жобосуна ылайык товарларды ташууда бажы алымдарын, салыктарды, атайын, антидемпингдик жана компенсациялык алымдарды төлөө боюнча милдеттенмелердин аткарылышын камсыз кылуу багытындагы макулдашуунун күчүнө кирүүсү үчүн зарыл болгон мамлекеттик ички жол-жоболорду аткаруу максатында иштелип чыккан.
Талкуу маалында депутат Мейкинбек Абдалиев республиканын бюджетине бажы төлөмдөрүнүн түшүүсү боюнча болжолдун аткарылбай жатышынын себептерине кызыкты. Ал эми депутат Шаирбек Ташиев ЕАЭБ өлкөлөрүнүн транзиттик жүктөрүнүн эффективдүүлүгүн жогорулатуу максатында бажы постторунда шарттарды түзүү маселесине токтолду. Ошондой эле эл өкүлү Шайлообек Атазов жүк агымын көбөйтүү үчүн өткөрүү пункттарынын техникалык жактан жабдылышына көңүл бурууну сунуштады.
Мыйзам долбоору үчүнчү окууда добуш берүүгө жөнөтүлдү.
Коомчулук жана ЖМК менен иштөө бөлүмү