“Жарнама жөнүндөгү” мыйзамга киргизилип жаткан өзгөртүүлөр биринчи окууда добуш берүүгө жөнөтүлдү

16-11-2022 16:31

Бүгүн, 16-ноябрдагы Жогорку Кеңештин жыйынында “Жарнама жөнүндөгү” мыйзамга киргизилип жаткан өзгөртүүлөр биринчи окууда каралды.

Жыйында баяндама жасаган экономика жана коммерция министринин орун басары Айнура Усенбекова сунушталган долбоор колдонуудагы мыйзамды жаңы Конституцияга ылайык келтирүү, ошондой эле бланкеттик жана коррупциялык ченемдерди жоюу максатында даярдалганын белгиледи.

Талкуу маалында депутаттар жарнамалардагы көйгөйлөргө көңүл буруп, анын ичине мамлекеттик тилдеги стилдик карама-каршылыктарды жоюу зарылчылыгын белгилешти. Алсак, депутат Балбак Түлөбаев Мамлекеттик тил жана тил саясаты боюнча улуттук комиссиясынан жарнактарды жарыялоодон мурун уруксат алуу талабын киргизүү тууралуу пикирин билдирди. Ал ошондой эле мыйзамдын аткарылышын көзөмөлдөө боюнча жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарына ыйгарым укуктарды берүүнү сунуштады.

Монополияга каршы жөнгө салуу кызматынын башчысы Кеңешбек Тайлаков депутат Русланбек Жакышовдун суроосуна жооп берип жатып, 2021-жылы мамлекеттик тил мыйзамынын талаптарына жооп бербеген жарнактар ​​үчүн 917 миң сом,  2022-жылы 1 млн 548 миң сом айып пул салынганын, 97 эскертүү берилгенин маалымдады.

Депутат Дастан Бекешев борбордогу тышкы жарнактарга жана коомдук транспорттогу жарнамаларга токтолуп: “Борбордогу жарнак такталарын жана коомдук транспортторго чапталган жарнактарды азайтышыбыз керек, бул процессти кимдир бирөө көзөмөлгө алышы зарыл”, - деди.

Мэриянын өкүлү Бишкек шаарында 541 көрнөк-жарнак бар экенин, мэрия тарабынан көчөлөрдү тазалоо, жарнактарды LED-экрандарга өткөрүү боюнча иштер жүрүп жатканын билдирди.

Ал эми депутат Эмил Токтошев айып пулду көбөйтүүнү жана монополияга каршы органдын ишин күчөтүүнү максатка ылайыктуу деп эсептээрин кошумчалады.

Талкуунун жыйынтыгында мыйзам долбоору биринчи окууда добуш берүүгө жөнөтүлдү.

Коомчулук жана ЖМК менен иштөө бөлүмү