Бүгүн, 16-ноябрдагы Жогорку Кеңештин жыйынында «Кыргыз Республикасында жарандарды медициналык камсыздандыруу жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу» мыйзам долбоору биринчи окууда каралды.
Демилгечи – Министрлер кабинетинин төрагасы.
Жыйында баяндама жасаган саламаттыкты сактоо министринин орун басары Жаркынбек Касымбеков белгилегендей, мыйзам долбоорунун максаты жана милдети жарандарды милдеттүү медициналык камсыздандыруу менен камсыз кылуу, ошондой эле Милдеттүү медициналык камсыздандыруу фонду менен келишим боюнча иштеген саламаттык сактоо уюмдары тарабынан калктын айрым категорияларына медициналык кызмат көрсөтүүлөрдү акысыз жана жеңилдетилген шарттарда көрсөтүүнү камсыз кылуу болуп саналат.
Талкуу маалында депутат Айбек Алтынбеков дары-дармектердин баасын көзөмөлгө алуу зарылдыгын айтып, ошондой эле мамлекеттик дарыкана ачуу мүмкүнчүлүгүн кароону сунуштады.
Ал эми депутат Жылдыз Садырбаева Эне жана баланы коргоо улуттук борборунда медициналык кадрлардын, тагыраагы айрым адистердин жетишсиздигине көңүл бурду. Ал белгилегендей, мекемеде узун кезектер болууда, бул жарандарга чоң ыңгайсыздыктарды жаратып, медициналык кызматтардын жеткиликтүүлүгүн чектейт.
Ошондой эле депутат Эльдар Сулайманов медицинаны модернизациялоо, дарылоонун заманбап ыкмаларын жана ооруларды дарылоо тармагындагы акыркы жетишкендиктерди киргизүү зарылдыгын белгиледи. «Мисалы, изилдөөлөрдүн жыйынтыгы боюнча кант диабетин 5 түргө бөлүп, ошого жараша дарылоо сунушталат. Бизде болсо азыркыга чейин бул ооруну 2 түргө гана бөлгөн протоколдор иштеп жатат», - деди Э.Сулайманов.
Мыйзам долбоору биринчи окууда добуш берүүгө жөнөтүлдү.
Коомчулук жана ЖМК менен иштөө бөлүмү