Жогорку Кеңештин Аппаратынын кызматкерлери “Парламенттик көзөмөл: парламенттик контролдоону пландаштыруу, ишке ашыруунун формалары жана механизмдери” аттуу семинарга катышты

18-11-2022 17:21

17-18-ноябрда Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинде “Парламенттик көзөмөл: парламенттик контролдоону пландаштыруу, ишке ашыруунун формалары жана механизмдери” деген темада эки күндүк семинар болуп өттү.

Максаты Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Аппаратынын кызматкерлеринин парламенттик көзөмөл маселелери боюнча потенциалын жогорулатуу болгон иш-чара ЕККУнун Бишкектеги Программалык кеңсеси тарабынан демократиялык башкарууну бекемдөө долбоорунун алкагында өткөрүлдү.

Семинарды ачып жатып, Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешине караштуу Парламентти жана демократияны өнүктүрүү борборунун эксперти Мусурман Анарбаев белгилегендей, парламенттик контролдоо Жогорку Кеңеш өзүнүн функцияларын натыйжалуу аткаруунун маанилүү элементи болуп саналат, ансыз жогорку мыйзам чыгаруу органы өзүнө жүктөлгөн ыйгарым укуктарды толук өлчөмдө жүзөгө ашыра албайт.

«Парламенттик көзөмөл саясий процесстердин ычыктыгына, мамлекеттик органдардын ишинин айкындыгын камсыз кылууга жана ушул процесстерге жарандык коомду тартууга көмөктөшөт», - деди.

Өз кезегинде ЕККУнун Бишкектеги Программалык кеңсесинин улуттук программалык кеңешчиси Гүлжамал Токомбаева белгилегендей, учурда Жогорку Кеңеш саясий чечимдерди кабыл алуунун борбору, коомдук туруктуулуктун фактору жана пикир алмашуу үчүн ачык аянтча болуп саналат. Ал парламенттик көзөмөл темасы парламент үчүн актуалдуу экенин белгилеп, ЕККУнун Бишкектеги Программалык кеңсеси адамдык потенциалды жогорулатууга багытталган мындай иш-чараларга өзгөчө маани берерин кошумчалады. Ошону менен бирге Жогорку Кеңештин депутаттарынын жана кызматкерлеринин ишинин жалпы координацияланышы натыйжалуу парламенттик көзөмөлдүн өбөлгөлөрү болуп саналат.

«Институционалдык эс тутумдун алып жүрүүчүлөрү катары Жогорку Кеңештин Аппаратынын кызматкерлери үчүн уюштурулган семинар бул маселелерди тереңирээк изилдеп, көптөгөн пайдалуу нерселерди үйрөнүүгө жакшы мүмкүнчүлүктөрдү түзөт», - деп жыйынтыктады Гүлжамал Токомбаева.

Семинардын тренерлери катары Жогорку Кеңештин V-VI чакырылыштарынын депутаты Наталья Никитенко жана Жогорку Кеңештин Конституциялык мыйзамдар, мамлекеттик түзүлүш, сот-укук маселелери жана Жогорку Кеңештин Регламенти боюнча комитеттин бөлүмүнүн сектор башчысы Бейшенбек кызы Камила катышты.

Тренингдин жыйынтыгында семинардын катышуучуларына сертификаттар тапшырылды.

Коомчулук жана ЖМК менен иштөө бөлүмү