Бүгүн, 20-ноябрда Жогорку Кеңештин депутаты, "Ыйман Нуру" парламенттик фракциясынын лидери Нуржигит Кадырбеков Түрк мамлекеттердин Парламенттик ассамблеясынын байкоочулар миссиясынын катарында Казакстан Республикасында өтүп жаткан кезексиз президенттик шайлоого байкоо салууда.
Эл өкүлү кесиптештери менен бирге Астана шаарындагы бир катар шайлоо участкаларына барып, добуш берүү өнөктүгүнүн жүрүшү менен таанышууда.
Белгилей кетсек, коңшу өлкөдө өтүп жаткан президенттик шайлоого алты талапкер катышууда. Тагыраагы, Касым-Жомарт Токаев, Мейрам Кажыкен, Жигули Дайрабаев, Нурлан Ауесбаев, Каракат Абден жана Салтанат Турсынбекова президенттик үчүн ат салышууда.
Коомчулук жана ЖМК менен иштөө бөлүмү