Бүгүн, 23-ноябрдагы Жогорку Кеңештин жыйынында “Экспорттук контроль жөнүндөгү” мыйзамга киргизилип жаткан өзгөртүүлөр биринчи окууда каралды.
Жыйында баяндама жасаган экономика жана коммерция министринин орун басары Искендер Асылкулов белгилегендей, мыйзам долбоору “Экспорттук контроль жөнүндөгү” мыйзамды Кыргыз Республикасынын Конституциясына шайкеш келтирүү, ошондой эле Кыргыз Республикасынын аскердик багыттагы продукциялардын кыймылын жүгүртүүгө мамлекеттик көзөмөлдү күчөтүү боюнча эл аралык милдеттенмелерин аткаруу максатында иштелип чыккан.
Талкуу маалында депутат Камила Талиева өлкөдө казылып алынган көмүрдү экспорттоого жардам берүүнүн ордуна өндүрүш 6 айга жабылганын эске салып, бул жаатта эмгектенген ишкерлердин нааразычылыгы тууралуу сөз кылды.
Ал эми депутат Исхак Масалиев сунушталган мыйзам долбоорунун негиздемесинде үч вариант берилгенин айтып, демилгечилер бир гана пикирдеги долбоор менен келүү керектигин кошумчалады.
Ошондой эле депутат Фарходбек Алимжанов киргизилген өзгөртүүлөр аскердик багыттагы продукцияга, анын ичинде экспортко, импортко, транзиттик жана реэкспортко тиешелүү бардык иш-аракеттерге мамлекеттик контроль чараларын күчөтүүгө багытталганын белгилеп: “Эмне үчүн мыйзамдын 11-беренесинде аскердик багыттагы продукцияларды лицензиясыз экспорттоону, импорттоону жана реэкспорттоону караган тышкы экономикалык операциялар лицензиясыз жүзөгө ашырылары каралган?” – деп сурады.
Экономика жана коммерция министринин орун басары Искендер Асылкулов Коргоо министрлиги тарабынан коопсуздук багытында алынып келинген товарлар боюнча лицензиясыз операциялар жүргүзүлөрүн маалымдады.
Жыйынтыгында мыйзам долбооруна добуш берилип, кабыл алынды.
Коомчулук жана ЖМК менен иштөө бөлүмү