Бүгүн, 23-ноябрдагы Жогорку Кеңештин жыйынында “2022-жылдын 31-мартында Москва шаарында кол коюлган 2014-жылдын 29-майындагы Евразия экономикалык бирлиги жөнүндө келишимге өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу протоколду ратификациялоо жөнүндөгү” мыйзам долбоору экинчи окууда каралды.
Тагыраагы, ратификациялануучу протокол аркылуу Евразия экономикалык бирлиги жөнүндө келишимге колдонуу тажрыйбасынын жүрүшүндө белгилүү болгон укуктук жөнгө салуудагы боштуктарды жок кылуу, бирлик жөнүндө келишимде колдонулган терминдерди бир түргө келтирүү жана башка багыттарда өзгөртүүлөр киргизилүүдө.
Жыйынтыгында мыйзам долбооруна добуш берилип, кабыл алынды.
Коомчулук жана ЖМК менен иштөө бөлүмү