Бүгүн, 12-декабрдагы Агрардык саясат, суу ресурстары, экология жана регионалдык өнүктүрүү боюнча комитетинин жыйынында “Бишкек шаарындагы абанын булганышынын деңгээлин төмөндөтүү боюнча чаралар жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеӊешинин Агрардык саясат, суу ресурстары, экология жана регионалдык өнүктүрүү боюнча комитетинин 2022-жылдын 10-мартындагы №6-3999/22 чечиминин аткарылышынын жүрүшү жөнүндө маселе каралды.
Демилгечилер - Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеӊешинин депутаты Маматалиев Марлен Абдырахманович, Агрардык саясат, суу ресурстары, экология жана регионалдык өнүктүрүү боюнча комитети
Жыйында баяндама жасаган Жаратылыш ресурстары, экология жана техникалык көзөмөл министри Динара Кутманова белгилегендей, биринчиден, Бишкектин абасынын булганышынын негизги булактары болуп борбордогу ЖЭБдеги, ошондой эле жеке сектордогу катуу отунду колдонуудан бөлүнүп чыккан уулуу заттар болуп саналат.
«Ал эми экинчиден, албетте, кара түтүндүн 70%ын унаалар түзөт. Негизинен мне үчүн смог пайда болот? Буга абанын начар инверсиясы таасир этүүдө, башкача айтканда, 10 жыл мурункуга караганда жагымсыз абаны айдап кетчү шарттар жыш турак жайлардын, шаардын түштүк бөлүгүндө аба коридорун бузган үйлөрдүн курулушунан начарлап кеткен. Түтүндүн себептери жакшы белгилүү. Ал эми жеке сектордун салымы да аз эмес», - деген Д.Кутманова Бишкек шаарында сапатсыз отун менен жылытылган 47 жаңы конуштарда 63 миң кожолук бар экенин эске салды.
Андан ары баяндамачы абанын булганышынын деңгээлин төмөндөтүүгө жардам бере турган чараларга токтолду. «БУУнун Глазгодогу климаттык конференциясында биз абанын булганышын 44% кыскартуу боюнча чаралардын пакетин жарыяладык. Тактап айтканда, көмүр отканаларын газга өткөрүү, күйүүчү-майлоочу майлардын сапатын жакшыртуу, жылуулуктун жоготууларын азайтуу, энергиянын кайра жаралуучу булактарын пайдалануу, ошондой эле жашыл мейкиндиктердин аянтын көбөйтүү сунушталууда», - деген Д.Кутманова, пландалган долбоорлор туураалуу да айтып берди.
Мындан тышкары, жыйында ЮНИСЕФтин “Бишкек шаарындагы аялдардын жана балдардын ден соолугуна атмосфералык абанын таасири” изилдөөсүнүн жыйынтыктары тууралуу маалымат угулду. Депутат Марлен Маматалиев бул изилдөө тууралуу айтып жатып, бала кир абанын терс таасирин эненин ичинде жатып эле сезе баштаарын белгиледи. Буга байланыштуу ал борбор калаадагы ЮНИСЕФтин, ПРООНдун абанын абалын изилдөөлөрдүн жыйынтыктарын эске алуу менен Жогорку Кеңештин жаңы токтомун кабыл алууну сунуштады. «Азыркы учурдагы абадагы химиялык элементтердин көрсөткүчү нормадан 30 эсе ашат, бул албетте адамдын ден соолугунун начарлашына, ар-кандай оор кесепеттерге алып келүүдө», - деп кошумчалады М.Маматалиев.
Талкуу маалында Агрардык саясат, суу ресурстары, экология жана регионалдык өнүктүрүү боюнча комитетинин төрагасы Аманкан Кенжебаев бул теманын актуалдуулугун белгилеп, тилекке каршы, абанын булганышы менен күрөшүү боюнча көптөгөн чаралар декларативдүү бойдон калууда экенин айтып, жооптуу мамлекеттик органдарды бул багытта жигердүү иш алып барууга чакырды.
Коомчулук жана ЖМК менен иштөө бөлүмү