Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаты Жеңишбек Токторбаев «Келечек» балдар реабилитациялык борборуна барып, жамааттын иши менен жеринде таанышты.
Социалдык мекеменин жалпы ишмердүүлүгү жана андагы түзүлгөн шарттар менен таанышкан эл өкүлү: «Мен дагы кичине болсо да керегине жараса экен деп керектелүүчүү тиричилик техникасын тапшырдым. Бул борбор ден соолугунун мүмкүнчүлүктөрү чектелүү балдарыбызга жогорку деңгээлде, атайын өзгөчө бөлүмдөрүнө көңүл бурулуп, бардык ыңгайлуу шарттары менен ачылыптыр. Жаңы имарат ак жолтой борборлордун бири болсун», - деген депутат майыптардын укуктарын сактоо, социалдык жактан коргоо жана башка кепилдиктерди камсыздоо боюнча мамлекет тарабынан көрүлүп жаткан чаралардын маанилүүлүгүн белгиледи.
Коомчулук жана ЖМК менен иштөө бөлүмү