Бүгүн, 24-январда Конституциялык мыйзамдар, мамлекеттик түзүлүш, сот-укук маселелери жана Жогорку Кеңештин Регламенти боюнча комитети “Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши тарабынан контролдук иш-милдеттерди жүзөгө ашыруунун тартиби жөнүндөгү” мыйзамга киргизилип жаткан өзгөртүүлөрдү биринчи окууда каралып, жактырылды.
Демилгечи депутат Бактыбек Чойбековдун айтымында, мыйзам долбоору колдонуудагы мыйзамдын ченемдерин Кыргыз Республикасынын Конституциясынын редакциясы менен шайкеш келтирүү максатында иштелип чыккан.
Депутат белгилегендей, Кыргыз Республикасынын мыйзамдарын турмушка ашыруу үчүн контролдоо мөөнөттөрүн өзгөртүү тиешелүү мыйзам күчүнө киргенден кийин 6 айдан эмес, кеминде 3 айдан кийин болсо, депутаттар тарабынан кабыл алынган мыйзамдарды контролдоо үчүн кыйла реалдуу мөөнөт болуп саналат. Парламенттик контролду жүзөгө ашыруу үчүн алты айлап күтүү мөөнөтү, өзгөчө Кыргыз Республикасынын жарандарынын укуктарын жана эркиндиктерин камсыз кылуу жаатында эч кандай негизи жок.
Коомчулук жана ЖМК менен иштөө бөлүмү