Бүгүн, 24-январда Жогорку Кеңештин Транспорт, коммуникациялар, архитектура жана курулуш боюнча комитетинин кезектеги жыйынында Кыргыз Республикасынын Министрлер кабинети менен Венгрия Өкмөтүнүн ортосундагы аба каттамы жөнүндөгү макулдашуунун долбоору каралды.
Жыйында баяндама жасаган Жарандык авиация мамлекеттик агенттигинин директору Тимур Аскаров белгилегендей, аталган макулдашуу эки мамлекеттин ортосундагы жарандык авиация тармагындагы кызматташтыкты өнүктүрүү үчүн укуктук базаны түзүүгө багытталган.
“Учурда Кыргызстандын авиакомпаниялары Евробиримдиктин “кара тизмесинде” жана Кыргызстан үчүн Европадан түз үзгүлтүксүз аба каттамдарын ачуу маанилүү. Андыктан макулдашуу Венгриянын авиакомпанияларына Кыргызстандын географиялык жайгашуусун эске алуу менен Европа жана Түштүк-Чыгыш Азия өлкөлөрүнүн ортосундагы жаңы аба транспортун калыптандырууга, транзиттик хаб катары пайдаланууга жардам өбөлгө түзөт”, – деди Тимур Аскаров.
Талкуу маалында депутат Жеңишбек Токторбаев улуттук авиакомпания түзүү жана жарандык авиацияны өнүктүрүү маселелерине токтолсо, депутат Улугбек Ормонов улуттук авиакомпанияны жоюу чечимин кабыл алган адамдардын жоопкерчилигин кароону сунуштады. Ал эми депутат Бактыбек Сыдыков Кыргызстандын авиакомпанияларын Эл аралык жарандык авиация уюмунун “кара тизмесинен” чыгаруу боюнча көрүлүп жаткан чараларга кызыкты.
Талкуунун жыйынтыгында макулдашуунун долбоору жактырылды.
Андан тышкары, жыйында “Жарандык абалдын актылары жөнүндөгү” мыйзамга киргизилип жаткан өзгөртүүлөр да каралып, колдоо тапты.
Коомчулук жана ЖМК менен иштөө бөлүмү